www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Silk Way» индустриалдык-логистикалык паркынын курулушу жүргүзүлчү жерге капсула коюу салтанатына катышты. Бул тууралуу премьер-министрдин расмий баракчасында кабарлаган.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Текстилдик жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча программасын аткаруу алкагында ишке ашырылуда.

«Silk Way» Индустриалдык паркы» ЖЧК башкы директору Адилет Кубанычбеков Өкмөт башчыга маалымдагандай, парктын аймагында тигүү, текстилдик жана бут кийим продукциясын өндүрүү боюнча 112 профилдик фабриканын курулушу пландаштырылууда.

Мухаммедкалый Абылгазиев өз сөзүндө белгилегендей, бүгүн чоң майрам орун алууда, алсак, 70 га аянтта жайгашкан жана 35 миң жумушчу орунду түзө турган аймактагы көлөмдүү индустриалдык-логистикалык парктын курулушу башталууда.

«Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасын ишке ашыруу алкагында Өкмөт тарабынан калктын жашоосун жакшыртуу, атамекендик өндүрүштү өнүктүрүү, жаңы жумушчу орундарды түзүү боюнча чаралар кабыл алынууда. Жаратмандык – бул күнүмдүк талыкпаган эмгек. Бүгүн эгемендүүлүк жылдары ичинде алгачкы ирет жергиликтүү ишкерлер жеке инвестицияларын өлкө ичиндеги экономикалык долбоорлорго тарта алуу мүмкүндүгүн көрсөтүп жатат. Масштабдуу долбоорго тартылган каражаттын көпчүлүк бөлүгү – бул жергиликтүү ишкерлердин инвестициясы. Аларды Кытай жана Түркиянын инвесторлору колдоого алды. Жалпысынан алганда аталган индустриалдык-логистикалык парктын курулушуна 200 млн АКШ доллары багытталат», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, парктын аймагында соода логистикасын жана жеңил өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлөт, текстилдик продукциянын өндүрүшү ишке барилип, бажы терминалдары заманбап бажы көзөмөлдөө тутуму менен жабдылат, алар бардык бажы процедураларынын ачыктыгын камсыздайт.

«Мында экспорттук потенциалды жогорулатуу үчүн бардык шарттар түзүлөт. Индустриалдык-логистикалык борбор атамекендик продукцияны дүйнөлүк деңгээлге алып чыгууга өбөлгө болооруна ишенем», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Өкмөт ишкерлерге жерди трансформациялооо жана электр энергиясына кошулуу маселелерин өз учурунда чечүүгө көмөк берди.

«Бул Өкмөттүн жаңы мамилесинин натыйжалуулугунун ачык мисалы, анда мамлекет бюрократиялык тоскоолдук кылууга жол бербестен, инвестициялык лотторду инвесторлорго долбоорлорду ишке ашырууну шарттаган конкреттүү экономикалык долбоорлор катары түзөт. Бул башталышы гана. Мен, Өкмөт башчы катары инвестицияларды коргоо жана бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү боюнча биз тараптан көрүлгөн чараларга ишенген инвесторлорго ыраазычылык билдиргим келет», – деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, акыркы айларда эле республикада бир катар, анын ичинде тоо кен жана жеңил өнөр жай тармагында жаңы ишканалар ишке киргизилди.

«Жакын арада өлкө аймактарында бир нече өнөр жай ишканалары ачылат. Бүгүнкү күнү эң башкысы – бул биримдик, ынтымак жана туруктуулук. Өкмөт бизнес шарттарын жакшыртуу жана ишкерлерди арзан насыялар менен камсыздоо үчүн көп иштерди жасап жатат. Жеңилдетилген насыялоо көлөмүн өстүрүү үчүн «Айыл банкты» капиталдаштырууга 1 млрд сом жана биринчи кезекте экспортко багытталган продукцияларды өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген дыйкандарыбыз менен малчыларды  колдоо үчүн «Кепилдик фонду» ААК 300 млн сом багыттоону чечтик. Биз аз сүйлөп, көп иш аткарабыз», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Маалымдама: Долбоор ALPHA CARGO», «Opal Mining Co.Ltd», «YbHD Logistic Group» жана «Saphire Artstone Group» компаниялары тарабынан ишке ашырылууда.

Курулуш иштери эки баскычта пландаштырылууда: 2019-жылдын биринчи кварталынын башында жана 2020-жылдын ортосунда. «SilkWay» паркынын аймагында аймагында 6 негизги сектор болот, анын ичинде: административдик-ишкердик курулуштар аймагы;

бажы-логистикалык терминал; ири габариттүү транспортторду тейлөө; өнөр жай жана административдик-коммуналдык курулуш аймагы; парктык-рекреациялык аймак; инженердик-техникалык аймак.


Долбоордун негизги объектилеринин бири болуп административдик-көргөзмө комплекси саналат. Мындан тышкары индустриалдык парктын концепциясында тигүү жана текстиль тармагындагы адистерди даярдоо боюнча кесиптик окуу жайын негиздөө камтылган.

«SilkWay» индустриалдык паркынын өнөр жай тармагындагы резиденттери үчүн бардык зарылинженердик инфраструктура менен камсыздалган 216 чарчы метр заманбап  өндүрүштүк  аянт сунушталат.  Өндүрүштүн жумушчуларына иштөөгө  ыңгайлуу  шарттарды  түзүү  үчүн:  жатакана, коомдук тамактануу жайы жана социалдык-административдик  мекемелер,  ошондой  эле  жеке  жана коомдук унаа токтоочу жайлар каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости