www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет Кумтөр кенинин экологиялык коопсуздугун жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн үзгүлтүксүз иш алып барууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев комбинатка барып, кендеги жумушчулар менен жолуккан учурда айтып өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы иши сапарынын алкагында «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Скотт Перри менен бирге оор техникалар колдонулган карьерди көрдү, ошондой эле алтын өндүрүүчү фабрикага барды.

Премьер-министрди жашоо шарттар жана өндүрүш процесси, геологиялык-изилдөө иштеринин жүрүшү менен тааныштырышты.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле калдык сактоочу жерди көрүп, калдык сактоочу дамбага мониторинг кыла турган система менен таанышты.

Мындан тышкары Өкмөт башчы компаниянын жумушчулары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди .

«Биз бүгүн жумушчуларга түзүлгөн шарттар менен тааныштык. Компания бир жылдан ашык убакыттан бери жумуш убактысын текке кетирбей иштеп жатканы кубандырат, бул өндүрүштөгү биздин жарандардын коопсуздугун көрсөтүп турат. Кумтөр маселеси биз үчүн канчалык маанилүү экенин коомчулук билет. Биз экологиялык коопсуздук, экономиканы, өнөр жайды өнүктүрүү жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүнү эсепке алуу менен, кендин мындан ары иштөөсүнө багытталган максаттарды койдук», – деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев ишкананын натыйжалуу жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу жаатынан алып караганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосунда түзүлгөн жаңы Стратегиялык макулдашуу өзүн-өзү актаарын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости