www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Мурат Каленович, Фейсбук баракчасында блоггер Сыймык Жапыкеевдин Кыргызстандагы кадр саясаты боюнча, эркин анализ жүргүзүп, эркин кадрдык сунуштарды берүү боюнча кайрылуусу соцтармактарда көп талкуу, талаш-тартыштарды жаратууда бул боюнча сиздин оюңуз кандай?
--Орустар, "мечтать не вредно",- дегендей, бул Сыймык иним баарыбызды кыялдын кемесине салып алып, талкууну жаратканы кызык болду. Негизинен ал жерде анализ, сунуштар жөн эле кыялдануу ирээтинде айтылып жаткандыгын туура кабыл алышыбыз абзел! Талкууда биздин жарандар өзүлөрүнүн эң сонун сунуштарын, ой тилектерин айтышканы мени кубантты. Бул сунуштарга деле Өкмөт башчылары көз кырын салып коюшса, ашыкча болбойт. Чындыгында кадар саясаты боюнча, мамлекет улам эле, очорулуп ордунан туралбай жатса, аргасыздан ойлоно берет экенсиң. Илгээри, кайгыдан башы чыкпаган бир байбиче, “жыргаганымдан кошокчу болдумбу”, дегендей бекеринен барыбыз бул орчундуу маселеге кайра-кайра кайрылып жатканыбыз бекер болбосо керек! Адис тандоодо бизде кемчиликтер толтура болду. Алыс барбай кечөөкү эле, шопурдан баштап, зонтик көтөргүчтөргө чейин министр болгондугун айтсак жетиштүү да! Чыны адис тандоодо мынчалык түркөйлүкө түшө элек эле. Парадокс, ушул кадр тандоодо адам фактору кана күнөөлү болбостон, биздин мыйзамдарыбыз дагы абдан тоскоол болуп келет...!
--Мыйзамдар тоскоол болот дегениңиз кызык экен, ал кайсылар ачыктап берсеңиз...
--Мына, бизге белгилүү болгондой, биз толук кандуу болбосок да, парламенттик республикабыз! Ошондуктан, Баш мыйзамга ылайык, Өкмөттөгү министрлик портфельдер ЖК шайланып келген партияларга, бөлүштүрүлүп берилгендиктен адистерди алар сунуш кылат! Бирок алар, ал кадрды кайдан алат? Албетте, партиялык тизмеден алат! Биринчиден; бул жерде мамлекеттик кызыкчылык эске алынбай партиялык кызыкчылык эске алынат, экинчиден; адистин кесиптик сапаты эске алынбай, “карыздан” кутулуу процесси кана ишке ашат. Ошентип министрликтеги партиялык кызыкчылыктар, бардык баскычтарды басып отуруп, айыл өкмөтүнүн башчысына чейин жетет! Элге кызматы сиңген эмес, шайлоодо партияга жакшы чуркагандардын байрактара желбирейт! Өкүнгөнүм, бизде ЖК депутат болсоң, министр болгонго болот деген стереотип калыптанып калган. Бирок бул “тупиктен” чыгуунун жолу жеңил эле, ал, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн компромисске гана баруу. Башкача айтканда Президент, Өкмөт башчысы жана портфельге ээ болгон Фракция лидери үчөө, “ийри отуруп, түз чечип” койсо эле сонун болот! Мындай кадамдар менен биз, Жогорку Кеңештеги фракция арасындагы, “көздү жумуп булардыкын колдой берели, антпесек биздики да өтпөй калат”,-деген жаман адаттан арылат элек! Дагы бир биздеги белгилей кетүүчү жаман тенденция бул; кадрларды “биздики жана биздики” эместерге “мурункулар жана кийинкилерге”, “улуулар жана жаштарга” бөлүү. Бул туура эмес, Мамлекеттик кызмат эч качан меники-сеникиге, улуу-кичүүгө бөлүнбөйт. Мамлекеттик кызматта жетекчи жана анын алдындагы кызматкер гана бар, болду!
--Азыркы ахыбалыбыз жана кайсыл кадрлар келсе деген кыялдарыңыз бар?
--Эми азыркы абалыбызды айтсак, ыйманыбызды сатпайлы, кадр саясатында жылыштар бар. Ага далил, А.Жекшенкулов, У.Кочкоров, Д.Эсеналиев, Б.Жээнбаева, А.Жамангуловдор сыяктуу элге жаккан адистердин жооптуу кызматтарга келиши болмокчу.
Мына, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов деле азамат иштерман жигиттерден экендигин далилдеп келе жатат. Негизинен мен жогорудагы айткан “үчилтик” сүйлөшүүлөрү ишке ашып бара жаткандай! Буюрса мындай болсо дагы жакшы боло бермекчи! Ал эми кыялдарга келсем тажрыйбалуу кадрлардан, жогорку кызматка татыктуулар көп.
--Дасыккан кадрлардан кимдерди айта аласыз?
--Кыскартып айтканда мына; А.Жапаров, Э.Сатыбалдиев, У.Ормонов, М.Конгантиев, Ж.Акаев жана дагы интернетте сунуш кылынып жаткан башка көптөгөн адистер. Мындан тышкары, дагы биз билип-билбеген жаштарыбыз андан көп экендиги талашсыз. Жыйынтыктап айтканда уучубуз куру эмес, сонун адис кадрларыбыз көп, мына ошолорду гана тура тандап пайдалануу Президенттин дагы, Өкмөт башчысынын дагы милдети деп ойлоймун.
--Рахмат.
Булак: NazarNews.kg