www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Саясий оюнду күчөтүш үчүн түндүк-түштүк маселесин күчөтүүгө аракеттер башталды. Ушул өңүттө “Мадумаров эгер мен президент болсом аркалыктарды “тачка” түрттүрөм” деп айткан деген сөздү айтып жүрүшпөйбү. Ушул сөз сиздин оозуңуздан чыкканбы?
— Муну ар шайлоодо көтөрүп чыгышат. Шайлоо сайын көтөрүп чыкканы “Жанышка чапан жапты” деген дагы бар. Жанышка чапан жапсам бирөөнүн чөнтөгүнөн акча алып жаптымбы?! Эми Текебаевди 60 жашка чыгышы менен куттуктады деп жаза башташат. Мен куттуктасам сенден тыйын алып куттуктадымбы? Же мамлекеттин бюджетинен тыйын алып куттуктадымбы? Мамлекеттик саясат менен жеке инсандын кандай тиешеси бар? Бул сасып-ирип кеткен товар сыяктуу. Улам-улам таңуулап, ооз тийип көрсөңөр дей берет. Ушуну жазгандар менен соттошуп, соттон жеңип алгам. Карандай калп экени далилденген.
Булак: Жаңы ОРДО