www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армениянын Башкы прокуратурасы мурдагы президент Серж Саргсянга байланыштуу кылмыш ишин сотко өткөрдү. Бул тууралуу «Азаттык» армян кызматынын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматына таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кылмыш иши дыйкандарды колдоо мамлекеттик программасынан өзгөчө ири өлчөмдө каражат уурдоого байланыштуу ачылган.
Саргсяндан тышкары бул иш боюнча төрт киши суралууда. Алардын арасында мурдагы айыл чарба министри Серго Карапетян да бар.
Серж Саргсян коюлган айыпты четке кагууда. Анын адвокаты жана партиялаштары ишти саясий куугунтук катары баалашат.
Экс-президент үй камагында.
Булак: NazarNews.kg