www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мүрзөдөн апасына телефон чалган кыз

Жайкы эс алуудан кийин, окуу башталар алдында группабыз менен жолугуп башыбыздан өткөргөн кызыктуу окуяларды, ким кайда болгонун айтып бермей салтыбыз бар эле. Бул жылы дагы адаттагыдай шаңдуу маанайда чогулдук. Ар кимибиз туш болгон окуяларыбызды айтып отурганда арабыздан бирөө күтүүсүздөн эле ыйлап кирди. Эч нерсени түшүнбөй отуруп калдык. Андан эмнеге ыйлап жатканын, эмне болгонун сурасак, төмөнкү окуяны айтып берди:

- Июнь айында эң жакын курбум жол кырсыгынан каза тапкан. Курбумду табытка жаткызып, көрүнө коюп жатканда муңга баткан апасы табыттын ичин ачып, кызына кол телефонун карматып "Чал кызым, чалагой" деп ыйлап кала берген. Ошентип акыркы сапарга узатуу аземи дагы бүтүп, үйүбүзгө таркадык.

Бир нече күндөн кийин уктап жатсам, телефонума чалуу келди. Түнкү саат үч эле. Уйкусурап араңдан көзүмдү ачып карасам каза болгон курбум чалып жатыптыр. Анын номерин көрүп өзүмдү жоготуп коюптурмун. Эртеси ооруканадан көзүмдү ачкам. Көпкө чейин бул окуя эсимден кетпей кыйналып жүрдүм.

Арадан бир канча апта өттү. Көзүмө көрүнүп кеткен го деп унутуп баштаганда, кайрадан түнкүсүн телефонум шыңгырады. Дагы каза болгон курбум чалып жатыптыр. Бул ирет өзүмдү сабырдуу кармап, телефонду алган жокмун.

Таң эрте тура калып эле курбумдун үйүнө барып апасына болгон окуяны айтып берсем, ал абдан кубанып, мага кол телефонумду таштап кетүүмдү өтүндү. Эртеси эмне болгонун билейин деп үйүнө барсам, курбумдун апасын тез жардам алып кетип жатыптыр. Түнкүдө жүрөгү токтоп калган экен. Үйүнөн телефонумду алып ким чалганын карасам, дагы курбум чалыптыр. Кызыгы, ал апасы менен 3 мүнөт сүйлөшүптүр.

Коркконуман тез арада мобилдик компанияга барып, телефон номеримди алмаштырып, берки номеримди өчүрүп салуусун сурандым.

Алдын ала ким чалганын билип бересиздерби деп алардан дагы сурасам, чынында эле каза болгон курбумдан үч жолу чалуу келиптир деп окуясын жыйынтыктады. Эмне дээрибизди билбей баарыбыз оозубузду ачып отуруп калдык.

Булак: ШАМБАЛА

Последние новости