www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-январда 9:55тер чамасында Сокулук райондук милициясына аймактык ооруканада эки дарыгер мушташып, бирөө экинчисине дене жаракатын келтиргендиги тууралуу маалымат келип түшкөндүгүн жана аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 65-берене (ур-токмокко алуу) боюнча кылмыш иши козголгондугун жазган элек.

Ошол дарыгерлердин урушу жөнүндөгү маалымат такталды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булагы жазды.

Жаңы-Жер аймактык ооруканасынын башкы дарыгери окуянын чоо-жайын айтып берген.

Анын айтымында, дарыгерлер пенсия курактагы айымдар, бири 70, экинчиси 60 жашта. Экөөнүн чыры кресло талашуудан чыккан. Ар бир дарыгердин иш бөлмөлөрүнө кресло коюлган. 70 жаштагы айым 60 жаштагы айымдын жоктугунан пайдаланып, креслолорду алмаштырып алган. Эртеси 30 жылдан бери башкы дарыгер болуп эмгектенип келаткан 60 жаштагы айым өзүнүн креслосун сураганда бербей койгон. Бир аз кайым айтышуулар болуп кеткен, бири-бирин сабаганга чейин жеткен эмес. Кресло талашып экөө жулкулдаша кеткишкен учурда компьютер да, креслодо жерге кулаган. 70 жаштагы айым милицияга «урду» деп арыз жазып, эртеси жумушка келбей койгондугу маалымдалды. 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости