www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев музейден Николай Сверчковдун кыл калеминен жаралган «Ит менен ат» жана «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрдүн түп нускасын алганы аныкталды.

Бул факты боюнча атайын комиссия түзүлүп иликтеп жаткан. Комиссияда кызматтан алуу боюнча да сунуш бар болчу.

Маалыматка ылайык, ал эмгек өргүүсүндө жүрүп, кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Сүрөттөрдү Шыгаев эч кимдин уруксаты жок эле алган.

Юристанбек Шыгаев музейден жогоруда айтылган эки сүрөттүн түп нускасын алып, аны бузулган абалда кайтарган. Эмгектерди Шыгаев көчүрмөсүн жасаш үчүн алганын, аларды кайра калыбына келтире турганын билдирген.

Учурда, Маданият жана маалымат министрлигинен түзүлгөн комиссия музейдин калган сүрөттөрүн да комплекстүү текшерүүгө аларын билдирди. Себеби, ал башка да сүрөттөрдүн түп нускасын алышы мүмкүн. Комиссия укук коргоо органдарына кайрылышы мүмкүн.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости