www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери жана мүлкү боюнча декларациялык маалыматтардын базасы болгон Рolitmer.kg порталы жазганына караганда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков үй-бүлөсүнүн, туугандарынын бизнесин, мүлкүн декларация толтурган кезде жашырган.

Декларацияда көрсөтүлгөн маалымат боюнча спикердин бир жылдык кирешеси 715-770 миң сомду түзөт. Бул айына 60-64 миң сом табат дегенди билдирет. Декларацияда 59 чарчы метрлик гана батирге ээлик кыла турганы көрсөтүлгөн.

Ошол эле учурда аялы Алина Кушубекованын бизнесин көрсөткөн эмес. Declarator.politmer.kg сайтынын жазганына караганда, дары-дармек сатуучу “Аль-Био Фарм” ишканасына ээлик кылат. Ишкана 2018-жылы 93 миң сом салык төлөгөн. Мындан сырткары спикердин деларацияда көрсөтүлбөгөн “Артисбек Ата балдары” айыл чарба кооперативи дагы бар экени көрсөтүлгөн.

"Дастан Жумабековдун аялынын бизнеси декларацияга түшпөй калган. Ал аябай жакын киши болуп эсептелет. Анын бизнеси акыркы үч жылдан бери иштеп келатат. Тилекке каршы мамлекеттик кызматкерлеринин көпчүлүгү мыйзамга каршы келип, ишкерлик менен алектенип жатканы билинди. Бул өтө туура эмес көрүнүш. Жөнөкөй адамдардан мыйзамдын аткарылышын талап кылып жаткан бийликтегилердин ушундай жолго барып жатканы өкүндүрөт", - деди Рolitmer.kg и factcheck.kg интернет-ресурсунун журналисти Наргиза Нанакеева.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

 

Последние новости