www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 2 762 500 сомдук “Milano” маркасындагы тамеки Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, МБКнын Контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери “Түндүк-Чыгыш” бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Чүй областында А.М.Т. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “Хундай Портер” үлгүсүндөгү транспорт каражатын токтотуп текшерүүгө алышкан.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы суммасы 2 762 500 сомдук акциздик маркасы жок “Milano” маркасындагы 65000 куту чыпкалуу тамеки табылган. Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости