www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Демократия деп жүрүп баарыбыз бейбаш болуп бүттүк. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Надира Нарматова өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Демократия деп жүрүп баарыбыз бейбаш болуп бүттүк. Үй-бүлө, аял, эне-ата, бала кадыры тебеленди. Уят, сыйыт, ар намыс, нарк-насил жоголду. Аяк баш болгусу келет. Улууну урматтоо, кичүүнү сыйлоо жок.
Уул, кыз ата-эне сөзүн укпайт. Сен туруптур мен сүйлөйм, мен билем деген бейбаштар көбөйдү. Ууру уялбай төргө өткөн, акылдуу астанада калган учур. Мамлекеттик жана улуттук идеологияны калыбына келтирип, улуттук баалуулуктарды ордуна коюу милдет. Коом моралдык, психологиялык жактан коркунучта.
Пейил бузулган, ниет туура эмес. Тынчтыкты, биримдикти ойлобогон, туруксуздукту камсыз кылганга аракет жасаган, коом бузукуларына мыйзам менен тыюу салынбаса, чектен ашып кеттик.
Темирдей тартип керек болуп турат», - деп белгилеген Нарматова.
Булак: NazarNews.kg