www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги экс-депутат Надира Нарматова менен өкмөттүн чабалдыгы, парламенттин алсыздыгы, кадр саясатындагы мүчүлүштүктөр жана жаңы жылдан кийин күчүнө кирген, дүңүнөн талкуусу жок эле кабыл алынган кодекстер тууралуу сүйлөштүк.
-Жаңы жылдан кийин күчүнө кирип, коомчулуктун чоң талкуусуна кабылган кодекстерде неге карама-каршылыктарга учурунда маани беришкен эмес?
-Жаңы жылдан кийин күчүнө кирген олуттуу кодекстерди ишке киргизүү боюнча атайын коопсуздук кеңешинде маселе көтөрүлүп, конкреттүү талаптар коюлганына карабай, бүгүнкү күндө кодекстердин учурдун талабына жооп бере албай, коомчулукта кайчы пикирди жаратып койду. Башкача айтканда, кодекстерди ишке киргизүү үчүн, 200дөн ашык мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү жана 600дөн ашык Өкмөттүн токтомдорунда дал келбөөчүлүктөрдү шайкеш келтирүү багытындагы маселелерди Өкмөт иреттебей көз жаздымда калтырган. Анткени, кодекстер 2016-2017 жылдары кабыл алынган. 2019-жылы ишке кирээрин билип туруп, кайдыгер мамиле жасашкан. Кодекстерде тиешеси бар Өкмөттүн укуктук бөлүмү, Адилет министрлиги сот, прокуратура ИИМ жана тиешеси бар укук коргоо органдары да кайдыгер болушкан. Тагыраак айтканда, президенттин коопсуздук кеңешинде койгон талаптарынын аткарышкан эмес. Ошондуктан кодекстеги карма-каршылыктарга учурунда маани берилип, кемтиги толтурулуп, ашыгы алынган эмес. Өкмөттүн жана укук коргоо органдарынын кайдыгерлиги аз келгенсип, парламенттеги депутаттар да окубай туруп, дүңүнөн кабыл алып беришкен. Ошон үчүн бул маселеге парламент менен Өкмөт жооп бериш керек. Кодекстердин кабыл алынышына корогон каражатты да иликтөөгө алышса ашыкча болбойт.
-Калпыстыктарга жол берген кодекстер кайдыгерлик менен кошо талапка жооп берген эксперттер ишке тартылбаганы үчүн эми ишке киргенде эле катачылыктары оркоюп көрүнүп калдыбы?
-Ишке кирер замат катачылыгы оркоюп көрүнүп калышынын негизги себеби, эксперттик топторго практик эмес, теорик юристтер киргенинде болду окшойт. Ошон үчүн кодекс күчүнө киргенде эле артыкчылыгынан мурун оркоюп шайкеш келбеген кемчилиги көрүнүп калды. Анткени, кодекстер реалдуу жашоонун кызыкчылыгын канааттандырчу кызмат көрсөтүшү керек болчу. Тилекке каршы, андай болгон жок.
Кыскасы, кайдыгерликтен жана акча үчүн ишке тартылган теорик эксперттердин кесепетинен мына ушундай жагдай орун алды. . Жыйынтыктап айтканда, Өкмөт, сот, прокуратура жана укук коргоо органдары бул маселеге кайдыгер карап, президентти атайылап подстава кылышты. Президенттин сөзү бир эмес, эки болуп уят болду.
- Кодекстер күчүнө кирди дегенде ушунча чуу чыкты. Коопсуз шаар долбоору ишке ашса, кандай болот?
-Коопсуз шаарды карапайым эл азыр анча түшүнбөй жатат. Коопсуз шаар долбоорунда камера бир канча жерге коюлат. Айып пулдун көлөмү 3000 сом болсо, бир күндө 5жолу камерага түшсө, 5×3=15000сом болот. Эски машинасы менен бараткан жаран 15000сомду кантип төлөйт. Төлөй албай ИИМди сотко берет. Сот бар мүлкүн конфискалайт. Ошондо айып пулду төлөй албаган жаран үй жайынан, машинасынан соттун чечими менен айрылат. Элдин нараазычылыгы ошондо башталат. Бул элдин нааразычылыгын жаратуучу бир гана мисал. Бирок, мына ушундай мыйзам долбоорун окубай, талкуулабай дүңүнөн кабыл алып берген үчүн депутаттар жооптуу экенин сезишеби деген маселе бар. Айып пул десе эле ашыра коё бербей элдин жашоо шартын жана минималдык айлык акыны эске алышса болмок.
- Аликбек Жекшенкулов элчилик кызматка киришээр замат Орустар түштүккө аскер базасын ачса Кыргызстан каршы болбойт дептир. Бүгүн чындап эле түштүккө аскер базасын ачуу зарылчылыгы барбы?
-Түштүккө орустардын аскер базасын ачуунун зарылчылыгы жок. Орустардын аскер базасын ачканча түштүктүн кошуна мамлекеттер менен чектешкен жерлерин деморкация, делимитация кылып, чек араны тактап, бекемдесек , мамлекеттин коопсуздугун адегенде эгемендүү мамлекет катары колго алсак болмок. Кыргызстанга Россиянын Кантагы авиа базасы деле жетиштүү. Ошончолук эле коркунуч жаралып баратса, 30,35мүнүттө эле жетет. Бирок, орустардын андай мезгилде кантип жардам берээрин 1990-2010-жылдары көргөнбүз. Ошон үчүн мамлекет өзү ички сырткы коопсуздук милдетин толук аткарбай туруп, сырттан башкалар коргоп берсин деген маалыматты тымызын чыгартып жатканы туура эмес. Өз элибизди, жерибизди коргоону мамлекет өзү чечкенди үйрөнүшү керек.
Чынайым Кутманалиева
Булак: NazarNews.kg