www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Россиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов  түштүккө орустар аскердик база ачса, Кыргызстан каршы болбойт деген пикирин билдирген. Бирок, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, андай маселе тууралуу сөз болбогонун айтты. Бирок, бул маселени Жекшенкулов жөн эле көтөрбөсө керек деген ойдо  айрым инсандарга байланышып, түштүккө орустардын аскер базасын ачуунун зарылдыгы барбы деген суроо салдык.

- Түштүккө Россиянын дагы бир базасын  ачуунун  зарылчылыгы жок. Себеби,  түштүккө дестабилизация  алып келе тургандар Афганистан болуп эсептелет. Афганистандагы талиптер жана оппозициясы афган бийлиги менен тил табыша албай кала турган болсо, афган бийлиги  күчтүү болуп кетип, аларга басым жасап,  территориясынан кууганга аракет кыла турган болсо, ошол учурда Өзбекстанга, Тажикстанга, Кыргызстанга кандайдыр бир деңгээлде аскердик коркунуч жаратат.  Бүгүнкү күндө андай коркунуч жок. Себеби, Афганистандын ичинде талиптер менен жана оппозициясы менен сүйлөшүү процесси ачык. Башкача айтканда, активдүү жүрүп жатат. Экинчиси, талиптер да, афган оппозициясы да Москвада конокто отурат. 

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости