www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мына ушул жерден анын айткан сөзү мурда айткан сөзү менен дал келбегендери, анын желооздугун айгинелейт. Тактап айтканда ал атасы каза болгон күнү таңкы саат алтыларда чет өлкөдөн учуп келгенин, ошол эле күнү мамлекеттик фискалдык органдардан 40 тай адам алардын мүлктөрүн текшерүүгө келгенин эскерет. Ага улай “алар жок дегенде аза күтүп жаткан соң бир жума күтө турса болмок, бирок алар анткен жок” деп кошумчалайт. “Бул окуядан соң мен эртеси парламентке бардым, анткени мага бир жердешибиз биздин чакан бизнесибизди тартып алганы жатканын айтышты, мен эртеси ал адамга жолукканда ал мени теңсинбей койду, колуңан эч нерсе келбейт деп какты” дейт, бул биринчиден.

Экинчиден, ал 2013-жылы “Вести.кж” сайтына берген маегинде: “10-июнда атам каза болду, эртеси күнү эле биздин бир жердешибиз балдарын жибериптир, алар биздин кызматкерлерди ур-токмокко алды” дептир. Андан ары маегин улай,“12-июнда атабызды жерге бердик, бул маселени тактоо максатында 13-июнь күнү Жогорку Кеңештин имаратынын алдына барып, ал адамга телефон чалдым эле, ал адам мени теңине албай, басынтып кагып трубканы коюп салды” деп айтып жатат. Эки маекте эки башка аргумент, “Азаттыкта”:“жердешибиз биздин чакан бизнесибизди тартып алганы жатканын айтышты” десе, “Вести.кж” сайтына “жердешибиз балдарын жиберип биздин кызматкерлеге күч колдонду” дейт, ошондой эле “Вести.кж” сайтына берген маегинде «телефон менен сүйлөштүм» десе, “Азаттыкка” берген маекте «кирип жолуктум» дейт. Жолукканы менен телефон аркылуу сүйлөшүүнү чаташтырып жатканы кандай? Менимче, жолуккан менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүн айырмасы асман менен жердей, чын эле жолуккан болсо ал учур эч качан эстен кетпейт! Кыскасы арык аттап, суу кечпеген ушакты таратуу менен ал кимдир бирөөнүн заказын аткарып жаткан жокпу?

Үчүнчүдөн, буга чейин атасынын өлүмүнө ал кездеги оппозиционер Атамбаевдин жан сакчысы Эркин Мамбеталиевди күнөөлөп жүрбөдү беле, айрым редакцияларга чейин барып будуң чаң салып. Анан эле СДПКдан депутат болуп калганы кызык? Эми “Азаттыкка” кайра “атамды Жаныш Бакиев заказ кылган”- деп жар салды. Мынакей туруксуздук...

Төртүнчү калп: Бакиев бийлиги кулачын кенен жайып баштаган учурда Эльвира Сурабалдиева ЖМКлар аркылуу жаңы бийлик анын бизнестерине көз артып жатканын айтып, президент Бакиевге кайрылуу жолдогонун, кийин Бакиев аны кабыл алып баардык маселелерин жөнгө салып бергенин айтып жүрөт. Кайра эле Бакиевдин кабыл алганынан бир нече күн өтүп өтпөй Максим Бакиев чакыртып жолукканын айтат. Ал өз сөзүндө “Кечке маал унаамды айдап үйгө келе жатсам МАИ кызматкерлери токтотуп, мени башка унаага салып Максим Бакиевдин офисине алып барышты. Максим Бакиев кабылдап ар-кайсы сөздөрдү айтып мени чочутууга аракет кылып жатты, “акыры сен жаш кызсың,чоң бизнести алып кете албайсың, андан көрө бизнесиңди бизге сат деди. Мен эркимди жыйнап “Максим, атам өлөм деп пландаган эмес, ал мураскерлик катын эч кимге жазган жок. Андыктан биз мураскерликти тактаганча мыйзам боюнча мамлекет алты ай бизнесибизди коргоого тийиш” деп айттым дейт. Ушул эле жолугушууну кайсы бир ЖМКга берген маегинде кичине башкачараак кылып айткан жайы бар. Анда ал унаасын айдап бара жатканда МАИ кызматкерлери токтотуп, башка унаага олтурууга буйруганын, “анан аргасыз ал унаага олтурсам ичинде Максим Бакиев экен. Ал мени салып алып ГоркийБелинский көчөлөрүнүн кесилишине чейин сүйлөшүп келип, ошол жерден таштап кеткен” дейт. Бул жерден да маектери бирибирине дал келбей жатат. Кыскасы, акырында Максим Бакиевге туруштук бере албай калып, Максим Бакиев “бир миллион сом берип, ушул баага бересиң, болбосо таптакыр эч нерсең жок калат” деп коркутуп, акыры рейдерлик жол менен унаа базарын өз наркынан өтө төмөн баага алып койгонун айтып келген. Ал эми Азаттыкка берген маегинде унаа базардын иштөөсүнө Максим Бакиевдин адамдары тоскоолдук жарата баштаганда, акыры башка адамга “мизерный” баага сатканга аргасыз болгонун айтып жатат.

Бешинчи калп: Жогоруда Максим Бакиев алардын Военно-Антоновкадагы унаа базарын талашканы боюнча айткан маектерине саресеп салдык. Аныгында ал унаа базарын Максим Бакиев тартып албаганын, ал унаа базар Эльвира айым айтмакчы “мизерный” баага эмес, өтө чоң суммага сатылганын ал унаа базардын мыйзамдуу ээси, Эьлвира айымдын атасына тарттырып жиберген Борис Воробьев 2017-жылы “Вечерний Бишкек” басылмасына маек берип, чуулгандуу материалды далилдер менен алып чыккан.

Анын айтымында;

“Так получилось, что я в жизни с ним никогда не сталкивался. Не здоровались даже нигде ни разу. Но пока я бегал, искал правду в 2005-2006 годах, я обратил внимание на то, что после смерти Жыргалбека Сурабалдиева, через полгода собственницей рынка как наследница становится его супруга. Вот тут как раз возникает вопрос: я буду делать по этому поводу запрос, каким образом, когда в Госрегистре лежат документы, что мне все права возвращены, они передают объект другому лицу. А вот дальше авторынок опять продают. Кому? И вот тут на арене появляется, я не скажу, что Бабанов, появляется компания с ним аффилированная. Появляется не сразу, она так хорошо замаскирована. Сначала это просто фирма, зарегистрированная 24 апреля 2007 года. А вот ее единственным учредителем является компания, она сначала была записана на сестру, потом на жену (ред. — Бабанова), это та компания, которая «Азию Молл» построила. У меня есть все документы. Они создают эту фирму, куда назначают Эльвиру Сурабалдиеву генеральным директором и 2 июля происходит сделка куплипродажи авторынка за 4 миллиона долларов. То есть как бы Эльвира покупает у своей мамы. А Бабанова будто нет, он аффилирован только учредительством владения. А дальше происходит метаморфоза. Через какой-то месяц или два, разумеется, Эльвиры там уже нет, и выплывает офшорная фирма с Сейшельских островов. И она дает компании, владеющей авторынком, заем в четыре миллиона триста тысяч долларов. И на основании этих документов авторынок регистрируется как залоговое имущество без срока давности. Есть вопросы и по поводу уплаты налогов по сделке. Когда сейчас мы смотрим, что такое Белиз, скандалы идут, как продается Нарынский каскад и что происходит вокруг «Мегакома». Почему бы не разобраться с тем, как продавался авторынок фирме, существующей 2,5 месяца с уставным капиталом в 10 тысяч сомов за 4 миллиона долларов?” -деп билдирген Воробьев. (“Вечерний Бишкек” басылмасынан котормосуз кыскартылып алынды)

Воробьевдун маегине жакшылап көңүл бура келгенде, Эльвира Сурабалдиевадан ал унаа базарды Максим Бакиев тартып албай эле, тескерисинче Эльвира Сурабалдиева Бакиев бийлигинен алдын ала сактанып, офшордук компанияларды колдонуу жолу менен Бабановго сатканы тастыкталып жатпайбы? Чын эле тиешелүү органдар жогорудагы Воробьевдун айткан аргументтерине таянуу менен, бул шектүү келишимди текшерип чыгышса резонанстуу иштин кулагы көрүнөт беле... Ыңгайсыз суроо... Элвира айым, кыргызда көзү өткөн адамдын айыбын ачуу, анын жаман жагын жазуу жат нерсе. Кандай адам болбосун көзү өткөндөн кийин «жакшы адам эле» деп айтып калабыз. Албетте, атаңыздын жаткан жери жайлуу болсун. Мындай аза кайгыны эч кимдин башына салбасын.

Билсеңиз ал учурда Бакиев бийлиги кандуу режимге бет алып, саясий оппоненттерин жок кыла баштаган. Ал кезде Темир Сариев Бакиев бийлигине каршы негизги оппозиционерлердин бири болгон. Ал учурда ал сиздин кичинекей бизнесиңизге көз артмак тургай, өз жанын коргоп автоматчан жигиттердин коштоосунда жүргөн. Кечирип коюңуз, бирок ысыгында айтылбаса сөз атасы өлөт дейт, анын сыңары сиздин атаңыздын ким болгонун, эмне иш кылганын коомчулук жакшы билет, айрыкча Сокулук эли. Атаңыздан запкы жеген инсандар ушул күнгө чейин адилеттүүлүк издеп жүргөнүн сиз билбесеңиз, эл билет! Канчалаган адамдарды сыздатып спортчу балдарынын коштоосунда рейдерлик басып алууларды кылганын. Сокулуктун борборундагы бир универмагды, Сокулуктагы санфаянсовый завод менен мал базарды кантип ээлеп калды эле? Биз билгенден санфаянсовый завод жаңы курулуп, ишке кирээр маалда капыстан сиздин атаңызга таандык боло калганы, ошондон тартып ушул күнгө чейин иштебей турганында кандай сыр бар? Коомчулукка белгилүү болгондой, атаңыз Военно-Антоновкадагы унаа базарын ишкер Борис Воробьевдон күч колдонуп, рейдерлик жол менен тартып алган деген кептердин аягы суюлбай келет. Буга эмне деп жооп бересиз? Ал тургай Воробьев ушул күнгө чейин адилеттүүлүк издеп, чындыкка жетем деген үмүтү менен жашап келатканын кайда катасыз? Эгер ушунчалык эле реалдуу адам болсоңуз 2005- жылдардагы окуялардан соң ал унаа базарын мыйзамдуу ээсине кайтарып бербейт белеңиз?

Биз суроо узаттык, жооп сизден урматтуу депутат айым… Баса, анын айтып жаткан чакан бизнеси белгилүү болду. 2000- жылдары маршруттук каттамдар боюнча фирмалар өнүгө баштаганда, ушундай фирма түптөшкөн экен. Ал учурда алардын таасири күчтүү болуп, спортчу балдары баарын көзөмөлдөп тургандыктан, маршруттук айдоочуларды күч менен, коркутуулар менен мажбурлап өздөрүнө караштуу фирмага киргизишкен экен. Кийин каргашалуу окуядан соң, айдоочулар үстүндөгү жүктөн арылып, ал фирмадан баш тартышып чыгабыз деп чуу салгандары айтылып жүрөт. Бул маалыматты ошол учурдагы ар-бир айдоочу тастыктап бере алаарынан шек жок. Бул окуя алигүнчө эл оозунда айтылып жүргөнүн тана албаса керек? Кыскасы, ушул чакан бизнесиндеги орун алган башаламандыкты чаташтырып жаткандыр кайран айым...

Жанетта Жыргалбекова

Булак: "Майдан. kg"

Последние новости