www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, республикалык бюджеттин 2018-жылдагы кирешеси 135,4 млрд. сомду түзүп, бюджеттик план 95,7% аткарылган. Бирок, былтыр казынага 141,5 млрд. сом жыйналышы пландалган эле. Натыйжада, ортодогу 6,1 млрд. сом чогулбай калган. “Бюджеттик план эмне үчүн аткарылбай калган? Буга ким жооптуу? Бул жетишсиздик маселеси кандай чечилиши мүмкүн?” деген суроолордун үстүндө эксперттерге суроо узатып көрдүк.
-- Албетте, салык инспекциясы жооптуу. Анын орун басарын коррупцияга күнөөлөп, көп жылдан бери келе жаткан схеманы ошого шылтап, биринчи жүздөрү кутулушту. Бул өтө жаман көрүнүш. Салык кодекси андагы салыктын ставкалары дээрлик коррупционерлер үчүн коюлган. Кирешени жашыруу адат болуп калган. Иш “көмүскө бухгалтерия” менен жүргүзүлөт. Туура, паракорлорду камаш керек. Бирок, коррупциялык мыйзамдарды оңдоо зарыл. Ага парламент жол бербейт. Себеби, партияга кирип, депутат болуу үчүн короткон акчасын кайрып алганга схема иштеш керек. Көмүскө экономика күчүндө. Булар паракорлорго тиешеси жок. Пара башка. Система башка. Азыркы жаңы мыйзамдарды кылмышкерлерди коргош үчүн оорулуу аял башында турган адамдар жазышкан. Мындайларды орустар “блаженные” дейт. “Биз гумандуубуз, бүткүл дүйнөнүн бандиттери, коррупционерлери, зордукчулары, бизге келгиле. Биз биринчи болуп силер үчүн гумандуу кодекс кабыл алдык” деп отура бергиле. Демек, мындай өлкөдө салык планы эч качан аткарылбайт!
Булак: "Азия Ньюс"