www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тагдыр – адам баласынын акылы жетпеген Жараткандын сыры. “Карысы бардын ырысы бар” дегендей, карыган ата-апаларыбыздын баркын убагында билип, бапестеп карап алууга умтулалы. Карылар үйүндө бери карап күлгөн менен ары карап ыйлап, үмүттүү көздөрү терезе теше тиктеген ата-апалар аз эмес. Эртең биз да карыйбыз, бизди кандай тагдыр күтөрү белгисиз. Ата-эненин батасын алмайын бейиш эшиги ачылбайт!
-- Ашырбүбү апа, бүгүнкү маанайыңыз жакшыбы?
-- Жакшы, балам. Бүгүн маанайга жараша күн дагы ачык. Мына атайын балдар үйүндө өткөрүлүп жаткан концертти көргөнү келдик. Улуу элдин маданиятын унутта калтырбай кийинки муунга мурас катары уюштуруп жаткан топко ыраазычылык билдирем. Союз учурунда партиялык, жетекчилик кызматтарда иштегем. Өзүм Жалал-Абаддан болом. Буюрса жетимиш жашка чыктым, Кудай ден соолук берсин! Бишкек шаардык карылар үйүнө келгениме мартта бир жыл толот. Карылар үйүнүн жетекчиси Эркингүл Курманалиева абдан ишкер, боорукер жан. Өзүнүн ишин чыгаандык менен билгендиктен, баардык убактысын, аракетин бизге коротуп, карылар үчүн атайын жакшы шарттарды түзүп берүүгө жан үрөп жүрөт. Чынында “карылар үйү” деп аталганы менен биз үчүн бул жак кадимки курорттой эле.
-- Демек, шарттары жакшы экен да ээ?
-- Ооба, шарттары абдан жакшы, бизге дагы ыңгайлуу. Аппак төшөк, төрт маал тамак берет. Эти жок тамак болбойт. Керек болсо бешбармактан бери жасашат. Мисалы, кыргыздар эртең менен өздөрүнө ботко (каша) жасап жешпейт да, туурабы? Бизде болсо күндө эртең менен кадимкидей ботко, кофе, колбаса, сыр кылып берет. Түштө ысык тамак, салат. Кечинде дагы ысык тамак берилет. Биз дагы кол куушуруп эле отура бербей, кол өнөрчүлүк менен алектенебиз. Ал үчүн атайын кол өнөрчүлүк, өздүк көркөм чыгармачылык боюнча ийримдер бар. Жайкысын болсо көлгө алып барышат. Ошондой эле даталуу күндөрү ар кандай иш-чараларга, кооз жайларга алып барып көргөзүп келишет. Мисалы, Ала-Арча капчыгайына, Чыңгыз Айтматовдун үйүнө, Ата-Бейитке, “Дасмия” ресторанына чейин бардык. Бош отуруп кайгы-муңга чөкпөй, ар дайым жакшы нерселер менен алаксып турабыз. Бул да болсо ден соолукка пайда. Басалбай төшөктө жаткандардын бөлмөлөрүндө атайын телевизорлор бар. Жаңылыктарды көрүп, кабардар болуп турушат.
-- Сизди “созолонто жакшы ырдайт” деп мактап жатышат го...
-- Чынында жаш кезимен эле ырга жакынмын. Ал жаатта деле билимим жок. Бирок, кези келсе ырдап коё берем. “Үнүң жакшы” деп мактап калышат. Майрам күндөрү карылар үйүндө атайын концерттер өткөрүлүп турат. Ошондо чыгып ырдайм. Бизде чыгармачыл адамдардан түзүлгөн “Добуш” аттуу топ бар. Бул топто алты аялбыз. Ырдап, спектакль коюп, колдон келишинче ар ким өз өнөрлөрүбүздү тартуулап, маанайыбызды көтөрөбүз.
-- Кепти үй-бүлөңүзгө бурсак...
-- Өзүм алты бир тууганмын. Үч кыз, үч эркек. Эки бир тууганымдын көзү өтүп кетти. Ал эми абышкамдын каза болгонуна он беш жыл болуп калды. “Отуз уулуң болгуча осурак чалың болсун” деп кыргыздар бекер айтпайт тура. Абышкамдын көзү тирүү болсо бул жерге келбейт элем да. Бир уулум бар. Алыскы Чаткалда турат. Ал өз турмушу менен алек, бардар жашоодо жашайт. Жалгыздык деген жаман экен. Айылда өзүң билесиң, шарт жок. Кышында от жагып, отун жарып, суу ташыш керек дегендей, оор. Анан алгач Бишкектеги инимдин үйүнө келдим. Ал жактан интернет аркылуу карылар үйүн көрүп “кой, ушул жерге эле барайынчы, тынчыраак” десем болушпайт, “кокуй, эл эмне дейт?” деп. “Элдин иши эмне? Менин шартым жакшы болсо болду да. Айылдан кирим жуулбай, суум ташылбай калса, эл мага жасап береби?” дедим да бул жакка келе бердим. Кудайга шүгүр, жашоомо нааразы эмесмин.
Назима Жумаева
Булак: "Азия Ньюс"