www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Надира айым, президентибиз Сооронбай Жээнбеков «Биз кийинки муунга ынтымагы бекем коомду, укуктук мамлекетти калтыруубуз зарыл. Урпактарга ата-бабадан калган таза табиятты, жашыл жаратылышты жеткирүүгө милдеттүүбүз. Ысык-Көлдө Кызыл-Омполдо уран казуу маселеси коомдо кызуу талкууланып, элибиз кабатыр болуп жатат. Так кесе айтам — Кыргызстанда уран казылбайт!»-деди. Коомчулук арасында ар кандай пикирлер айтылып, күнөөнү Сооронбай Жээнбековго коё баштаган. Президенттин бул кадамына Сиздин пикириңиз кандай?

--Президенттин бүгүнкү Кызыл-Омполдогу уран кенин казууну токтотулат деп айтканы бул жакшы жышаан. Президент эртерээк эле билдирүү берип койсо жакшы болмок. 2-майда Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеӊештин токтом долбоорунда бүткүл республика боюнча уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салынаары белгиленгендигин билдирип жыйынтыгында эл өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуш-пикирлер укуктук-ченемдик актыларга туура келтирилип, Жогорку Кеӊештин токтом долбоору негиз катары кабыл алынды. Бирок, Кызыл-Омполдогу уранды казып жаткан компаниянын лицензиясы кайтарылып алына элек. Анткени Өкмөт “убактылуу экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулуп турсун” деген мазмунда токтом кабыл алынган. Менимче бул азырынча куру сөз. Ошондуктан мыйзам чегинде лицензияны кайтарып алыш керек. Президенттин айткан сөзү Өкмөттүн чечкиндүү кадамы менен жыйынтыкталышы керек. Өтө өкүнүчтүүсү мурдагы бийликте турган Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевдин тушунда уран кенин чалгындоого уруксаат берилгени. Болгондо дагы Отунбаеванын бир тууган сиңдисинин жолдошу, тактап айтканда күйөө баласына лицензиянын берилип калышы жакшы жөрөлгө болбой калды. Уран боюнча эл арасында жакшы эле түшүнүк пайда болду. Бийлик эл менен эсептешкенге милдеттүү.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости