www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-декабрь, дүйшөмбү күнү экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн телеканалына берген маегинде адатынча ар кимди өзү каалагандай каралады, күнөөлөдү. Маектин арасынан бөлүп көрсөтө турган нерсе Атамбаев экс-мэр Түлеев менен кокустан болгон учактагы жо-лугушуу тууралуу теңирден тескери билдирүү таратты жана аны калпычы кылып көрсөтүүнүн аракетин жакшы эле көрдү. Буга Нариман Түлеев оюн төмөнкүчө билдирди: «Жакында берген масгинде Атамбаев мени барон Мюнхгаузенге салыштырды. Бирок ортодо сөз эмне тууралуу болгонун айта алган жок. Ал мени айтам деп өзү дал ошол барондун образында экенд-гин билбей калды. Дал ошол Мюнхгаузен кечки тамактан соң пунштан «серп» этип алып жомокторун токучу эмес беле. Ошол сыяктуу эле Атамбаев дагы креслого ыңгайлуу жайгашып алып, кезсктеги жомокторун айтып жатат. Атамбаевди жакындан билбеген киши анын сөздөрүнө ынанып алышы мүмкүн. Бирок көпчүлүк анын командасы кандайиштерди жасап кеткендигин, анын «балдары» кандай «таза» иштерге баргандыгын билип калбадыбы?! Ким АШАны сындаса ал дароо ур тепкигс калганын эл билет. Акыйкатты мындай бурмалоо психикалык жактан соо эмес кишинин гана акылына келетэмеспи, мен ал киши-ни сындабай эле коеюн. Эл мурун эле ага: «Бул соо эмес» деген аныктама бсрип койгон. Мен көп нерсеге көз жумуп коеюн дедим эле, эми эсине салып коюума туура келип жатат. Ооба,узак жолдо узак убакыт сүйлөштүк. Бирок Атамбаевдин эс-тутуму көп нерсени сактабай калса керек. Бул да болсо ичкен алкоголунун таасири да. Стюардесса Атамбаевдин креслосу менен самолеттун аркы бурчуна чуркап, ичимдик ташып үлгүрбөй атты. Эгер бүгүн да "Аэрофлотко" суроо берсеңер 22-октябрь күнү Бишкек-Москва каттамы менен учкан IF рейсинин № 1881 пассажири канча көлөмдө спирттик ичимдик ичкендигин чыгарып беришет. Булак: "Де-Факто"

Последние новости