www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дербишалиев Адилет Эсенгулович Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка министр Нурдан Орунтаев кол койду.
Жаңы жетекчини департаменттин директорунун орун басары Мирлан Максатбеков эмгек жамаатына тааныштырды.

Ал Адилет Дербишалиевге жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Адилет Дербишалиев буга чейин аталган департаменттин Бишкек шаардык башкармалыгында инспектор болуп эмгектенип келген.

Последние новости