www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КТРКнын “Ой ордо” берүүсүндө журналист Нарын Айып “Азаттыктын” иликтөөсү боюнча өз оюн айтып берди. Анын айткандары толугу менен төмөндө:

“Жеке оюмда “Клооптор” иликтөө жасады. Анткени, алар иштеген, методикасын билет. Сараево шаарындагы уюшкан кылмыш менен коррупцияга каршы күрөшүү долбоору бар, ошолор катышкан, ошолордун иликтөөсү менен мурдагы каталар жабылып кетти. Унутулуп калды, ал жерде оркойгон каталар турган.

Биринчи иликтөөсүндө, аны  иликтөө деп атоо кыйын. Ошол 29-май күнү чыкканда, а бул жерде деле чаташтырууга башка нерселер бар. Эки башка нерсе туруп атат. Бажы жана акчаны адалдоо. Бажы өзүнчө маселе, ал баягы төлөбөй,  төлөсө деле биздин закондо ошондой салмагы менен эсептейт турбайбы. Телефондорду салмагы менен эсептебеш керек да. Алар наркы менен эсептелиши керек. Ошондой болуп өтсө деле “Абу-Сахий” деген базарга пайда болуп жатпайбы. Анткени, аларда андай эмес. Кытайлар башка санайт, Өзбекстан башка санайт, Кыргызстан такыр башкача санайт экен да. Ошон үчүн бизде 5-6 телефон өткөрсөң, эки китеп алып келген сыяктуу болуп калып жатпайбы. Ошол эки китептин акчасын төлөйсүң, чындыгында ошол   телефон балким  30-40 миң сом   турат. Ошондой методика бар, бажынын деле күнөөсү жоктур.  Бирок аларды өткөрүп ийгени бажынын күнөөсү. Бирок товар сатылды, аяктан башка нерселер башталып жатпайбы, эми ошол Өзбекстандан келген акчаны аткезчилик жолу менен чек арадан өткөрүп, банк аркылуу “Абдыраз” деген базары бар экен ошондон түшкөн акча деп калп айтып, кагаздарын тууралап, чыгарып атат. Саймаити чыгарган акчаны Кыргызстандан уурдалып алып кетилген же каракталган акча деп атат. Андай эмес, мүмкүн атайын чаташтырып атышат”.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости