www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Нарынбек Молдобаевич, сиз депутат болуп турганда жол кыймылынын эрежесин бузгандарга айып пулду көтөрүү боюнча мыйзамды колдодуңуз эле. Азыр дагы айып пулдарды көтөргөн жаңы мыйзамдар күчүнө кирди. Айып пулду көтөрүү менен тартипти сактап, бюджетке пайда алып келсе болобу? Жаңы мыйзамдар боюнча кандай пикирдесиз?
— Азыркы айып пул жөнүндөгү мыйзамдарды бүгүнкү турмушту көрбөгөн, жашоону билбеген адамдар жазгандай сезилет. Булар элдин турмушунан үзүлүп айрылып калышкандайбы деп ойлойм. Айып пулдар биздин элибиз үчүн абдан эле кыйын. Мурунку бийлик бомбаны даярдап кеткен экен да. Алардын түшүнүгү боюнча башка жагын түшүндүргөн. Мисалы, койду он жолу уурдаган киши 10 миң сомго чейин камалбайт дешип. Рецидивист деген болбойт. Күнүгө эле бир кой уурдап кармалса айып пул төлөп коёт да, кармалбаса жеп алып жүрө берет экен. Бул туура эмес деп ойлойм. Өзгөчө шоопурларга салынган айып пулдар дагы өзгөчө оор болуп калган. Эсептеп көрсөңөр, өзүнүн айлыгы гана эмес үй-бүлөсүнүн айлыгын кошкондо дагы жетпейт. 2008-жылы парламентке жол кыймылынын эрежесин бузгандар үчүн айып пулду 200 сомдон 1000 сомго көтөргөнгө уруксат бергиле деп тийиштүү кызматтар келгенде, мен ошол сунушту колдогом. Ошондо көп депутаттар “Сиз эмне үчүн бул сунушту колдоп жатасыз? Мунун баары МАИ кызматкерлеринин чөнтөгүнө түшөт” деп мага каршы болушкан. МАИ кызматкерлердин чөнтөгүнө жарымы түшсө, жарымы Өкмөткө түшсө дагы пайда болот. Карап көрсөңөр МАИлердин машинеси жок, машинесине куя турчу бензини жок начар абалда турушат. Жок дегенде ушулардын техникасы оңолсун, радар сатып алсын деп колдогом. Кийин 2013-жылы дагы айып пулдарды көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун алып келишти эле, аны да колдоп бергем. Мунун баары иштеген жок. Ошондо айып пулдан түшкөн каражаттын 50 пайызы МАИ кызматында калсын. Жок дегенде техника сатып алышсын дегем. Буга чейин мындай мыйзам болгон эмес. Менин сунушум менен айып пулдан түшкөн каражаттын 25 пайызы МАИге калсын дегенди киргизишкен. Ал мыйзам дагы иштеген жок да. Бюджет көтөрүлүп, МАИнин техникасы оңолуп калса чоң иш жасадым деп мактансам болот эле. Айып пулду канча көтөрбө, андан Өкмөт пайда көрбөдү. Азыр аябай эле көтөрүп коюшту. Муну биздин элибиз көтөрө албайт. Мисалы, 2007-жылы эле эски машинелер Кыргызстанга кирбесин, экологияны бузат экен деген маселени депутаттар көтөрүп чыккан. Анда дагы антпегиле, кире берсин, завод, фбарикалар жок болгондон кийин элдер оокат кылышсын деп аны да эптеп калтырганбыз. Ошол сыяктуу азыр да элге оорчулук болуп калбайбы деп турмушту, жашоо-шартты караш керек болчу.
— Түкүрүккө салынган айып пулду маданият, тартип болушу керек деп колдогондор деле болуп жатпайбы?
— Кытайга барсаңар ал жакта кинотеатрга, дүкөнгө киресиңби, кызыл материалга сары түстөгү жибек жиби менен жазуулар турат. Бул эмне деген жазуулар? — десеңер, “Түкүрбөгүлө! Уят болот. Маданиятсыздыкты көрсөтөт” деген тарбиялык жазуулар. Ошентип жасаса болот болчу. Түкүрдүң деп 5500 сом төлөтө берсе уят. Элден мурун тарбия иштерин жүргүзүп, андан таптакыр жыйынтык чыкпаса айып пул салса болмок. Дароо эле айып пул салынганы өөн учурайт. Ушул ишти көзөмөлдөөнү милицияга берди. Андай болбошу керек. Ал үчүн өзүнчө экологиялык полиция кызматы түзүлүүсү зарыл. Милициянын функциясы такыр бөлөк. Мусур өттөгөнгө, таштандыларды көрүнгөн жерге таштагандарга, бак-даракты кыркып жаткандарга, түкүрүнгөндөргө өзүнчө полиция иш алып барышы шарт. Бул мыйзамды шашылып кабыл алып алышты деп ойлойм. Күчүнө кирген мыйзамдардан элдин жүрөгү түшүп коркпой эле жини кайнап турат. Президент “Күчүнө кирген Кодекстерди кайрадан карап көрчү сунуштар болот” деп айтты. Ошол сөзгө эл ишенип турат. Мен дагы ишенип жатам. Муну кайрадан карап, өзгөртүүлөрдү киргизбесе, бул боюнча кала берсе юристтердин айтуусу боюнча 1937-жыл кайтып келип калат. Мисалы, мурун сени кармап, чөнтөгүңдөн наркотик таап алса, сөзсүз түрдө эки кишинин күбөөсү менен АКТ толтурчу. Азыр андай жок. Түз эле алып барып күнөөлөй беришет. Мындан адвокаттар жыргай башташат. Кармалган киши өзүнүн күнөөсүз экенин далилдейм деп адвокат жалдайт. Бул дагы элдин мойнуна түшкөн акча, кыйынчылык болот. Туура, ушул мыйзам, Кодекстер бизге керек. Бирок, азыр эрте. Бул мыйзамдар өнүккөн мамлекеттерде иштеп кетет. Экономикабыз там-туң басып, эми бутуна туруп келаткан бизге оор болуп калат. Германияда түкүрсөң 500 евро айып пул салат. Полиция келгенде “Эмне кылып жатасың?” деп бейбаштык кылсаң, колуңду кайрып, дубинкасы менен 2–3 салып, алып кетет. Биз деле түкүрүк, какырыктын ичинде жашабашыбыз керек. Ал үчүн элдин аң-сезимин тарбиялап, жашоо-шартты карашыбыз керек да.
— Ушул кемчиликтерди карабай, ишке киргизген Өкмөттө дагы кемчилик барбы?
— Өкмөт дагы бөлөк жактан келгендей болуп жатат. Булар дагы эми кемчиликтер бар экенин түшүнүшүп жатат. Бишкек шаарынын мэри кыйын бала экен. “Биз бул маселе боюнча комиссия түзө элекпиз. Комиссия түзгөндөн кийин айтабыз” дебедиби. Анткени, ал дагы муну менен минтип күрөшпөй турганын көрүп жатат.
Наралы Асанбаев
Булак: "Жаңы Ордо"