www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 20-январда саат 22:00 чамасында Бишкектеги онкологиялык илдетке чалдыккан балдардын хосписинде баласы менен жаткан келинди күйөөсү сабап кеткен.

Бул тууралуу аталган хосптстин негиздөөчүсү Динара Аляева билдирди. Анын айтымында, коомдук тартипти бузуп, аялын сабаган жаранды милиция кызматкерлери саат 24:00до келип кармап кетишкен.

Бирок, аялы сабалган боюнча билдирүү келип түшсө дагы, укук коргоо органдары өздөрүнүн тилинде “Семейка” деп коюп, 1 сааттан кийин коё беришкен.

“Аталган жаран баласы менен жаткан келинди ооруканага келип күндө сабап кетет. Ал кечээ милиция кызматкерлери коё бергенден кийин кайра клиникага келип тосмосун талкалап, терезелерди такылдатып тынчтык берген жок. Ушундай жарандын айынан хоспис суткасына 17 мин сом берип күзөтчү жалдоого аргасыз болгон”,- дейт Динара Аляева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости