www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү теле алып баруучу, актриса, блогер Назира Айтбекова бир турмуш көргөн келин катары учурдагы же келечектеги келиндерге күйөөлөрүнө кайсы учурда, кандай туура мамиле кылуу керектиги боюнча соцтармактагы баракчасы аркылуу кеп-кеңешин айтты.
- Апам "Кыздын бактысын көп тилейбиз, бирок уулдукун эмнегедир бейкапар алабыз. Уулдун да бактысы болот. Жакшы жубай жолукса экен деп тилеп туруш керек",- деп көп айтат. Ар бир жазган постумда аялдардын, кыздардын таламын талашам. Анткени, алардын дүйнөлөрү мага тааныш.
"Биздикин качан талашасың?", - дейт айрым мырзалар. Мен тамашалап, “Аябай кордук көрүп жатасыңарбы?” дейм. Талашайын дейм, тилим кыска. Бирөөнүн кыйраткан жубайы болсом, дитим бармак, тилим өтмөк. Ошентсе да, бир турмушту көргөн келин катары жана ага - инилердин арманын жууруп олтуруп бул эрежелер чыкты:
1. Эркек намыскөй келет. Намысын чукуп, басынтпа. Эгер басынта берсең, эркек чүнчүйт. Аларга мактоо жарашат. Бир мык түз кагып койсо, мактап койсоң, дардалаңдап, экинчи мыкты каккысы келип калат.
2. Эриң иштен келгенде кабак - кашың бүркөлүп турса, качкысы келет. "Кайда жүрөсүң?" деген суроонун ордуна тилиңди тишиңдин артына катып туруп, тамагын бер. Алардын курсагы тойгондо сүйлөгүсү келип калат. Анан баардык сурооңо, жооп тапсаң болот.
3. Ал ачууланып, “ашатып” жатканда унчукпай кутул. Отко май чачпа. Жини тараганда, маанайы беште бултуктап- тултуңда, эркеле! Жиниңди кааалаган жеринен чыгара бер.
4. Эркектин эң жек көргөнү – сен анын телефонун чукулаганың. Телефону - анын дүйнөсү. Жеке дүйнөсү! Өтө эле көзөмөлгө алып, телефонун башыңа кийе берсең, аны урматтабаганың, ишенбегениң.
5. Кызганыч! Сонун мамилеге жарака кетирет. Өзүнө ишенбеген, өзүн сыйлабаган, комплекси бар адам гана кызганат. Өзүнүн мыкты, алмаштыргыс экенин билген адамдын жан дүйнөсү тынч.
6. Эркектин кийими - аялдын тың же тың эмес экенин көргөзөт. Бырышып - тырышып турса, сөз түз эле сизге тийет.
7. Элдин көзүнчө эркегин каккан аял - акылы жок аял. Өзүнүн акылсыз экенин гана көргөзөт. Тоо урап жатса да, көйгөйүңүздү үйдөн сүйлөшүңүз.
8. Эркек доңуз сындуу сиздин оюңузду жонунан билбейт, же көзү ачыктык, алтынчы сезими мене туюу сындуу сезимдери жок. Так, даана, ачык айт, эмне каалап жатканыңды. “Намегуң” балтайып турса да түшүнбөйт. Ошон үчүн: "Гүл берип тур", "Комплимент айтып койсоң болот", "Бүгүн башка бутум менен туруп алыптырмын, урушкум келип жатат", "Мен урушам, сен чыдап тур”, “Эркелегим келип жатат", жана башка деп эле балчайта айт! Алар түшүнөт деп олтура берсең, кылым алмашат.
Булак: NazarNews.kg