www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Көчмөндөр модасы. Ысык-Көл - 2019" фестивалы Кыргызстанда биринчи жолу, августта өткөнү турат. Мындай иш - чараны уюштуруп, ишке ашырып жаткан журналист Назира Бегимге кайрылып, азыноолак маек курдук.
-Назира айым, кайсы мамлекеттен канча киши, кимдер келет?
-Эл аралык фестиваль Бишкекте 18-19-августта, 20-21-августта Ысык-Көлдө өтөт. Ага 15 мамлекеттен атактуу дизайнерлер келет. Кыргызстандан кыргыз модасын түптөгөн адамдардан студенттерге чейин катышып, алар өз эмгегин эл алдына алып чыгат. 30 атактуу дизайнерлер үч багытта (этно, этно-авангард,этномодерн) катышат. Максатым эле Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүнүн, дизайнерлеринин эмгегин чет өлкөгө жайылтуу жана таанытуу. Аларды чагылдыруу үчүн чет өлкөдөн да журналисттер, блогерлер да келишет.
-Мындай иш-чараны өткөрүү оңой эмес. Ким демөөрчүлүк кылууда?
-Албетте, оңой эмес, бир топ эле акча кетет. Чыгашага кейибейбиз, себеби, биз башынан эле киреше табууну көздөгөн эмеспиз. Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүн, дизайнерлерин дүйнөгө таанытууну гана көздөгөнбүз.
Бизди каржылаган эч ким жок. Дизайнерлердин ортосунда чогулган взнос бар, ошону менен иш-чараны өткөрүп жатабыз. Өнөктөштөр бар, алар менен ортодогу келишим аркылуу иш алып барып жатабыз. Башкы өнөктөш “PODIUM Люкс Кыргызстан» аттуу өзүмдүн журналым. Ушул журналым аркылуу ушундай долбоорду ойлоп тапкам.
-Мамлекет тарабынан колдоого алынган жокпу? Маданият министрлигине кайрылган жоксуңарбы?
-Долбоорум менен Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго, Ысык-Көл облустук администрациясына, «Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековго кайрылгам, алар долбоорумду жактырып, колдоду. Андан тышкары, эл аралык дүйнөлүк масштабга төбөсү көрүнүп калган ассоциациялары, мисалы, Казакстандын белгилүү дизайнери, модельер Айдархан Калиев да колдоп, сүрөп жатат. Мындай колдоо бизге күч-кубат берди.
-Фестиваль бир өткөрүлүп эле токтоп калбайбы, уланабы?
-Ооба, уланат, токтобойт, жыл сайын өткөрүп турабыз.
-Билеттердин баасы канча?
-Билеттер сатыкка чыкты, 500 сомдон сатылып жатат. Бул баа бир күндүкү, эки күндүкү миң сом.
Булак: NazarNews.kg