www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Гүлен кыймылынын чынында эле зыяны жокпу?” аттуу макала тууралуу 2019-жылдын 8-апрелинде Германиянын “Züddeutsche Zeitung” аттуу гезитинин интернет сайтында “Гүлен кыймылынын чынында эле зыяны жокпу?” аттуу макала жарык көргөн. Аталган макаланын түп нускасы шилтемеде орун алып, макаладагы урунтуу учурлар тууралуу төмөндөн орун берилди. www.sueddeutsche.de/…/islamunterrricht-ist-die-guelen-beweg…
Макалада, билим алууну көздөп, ФЕТОнун билим берүү мекемелерине кирген балдардын кийин бул уюмдан кутулуунун канчалык кыйын экендиги тууралуу айтып бергендери орун алып, интервью алынган окуучулардын аттары коопсуздук максатында өзгөртүлүп берилди.
- Өзүн “Жарык үйлөрү” деп атап алган уюмдун үйлөрүндө жашаган студенттердин кээ бири уюмдун чыныгы жүзүн көргөндөн кийин кетүүнү каалап, бирок уюм тарабынан да үй-бүлөсү тарабынан да басым жана мажбурлоого алынгандыктары тууралуу айткандары;
- ФЕТО Германияда Гүлен кыймылы катары таанылганына карабай аталган уюмдун Германияда 1990-жылдын ортолорунан бери иштеп келген ишканаларынын, мектептеринин, коомдорунун, үйлөрүнүн, бала бакчаларынын, басмаканалары жана гезиттеринин уюшкан желеси тууралуу;
- Федералдык маалымат алуу сервисинин (BND) төрагасы Бруно Кахлдын, “Гүлен кыймылын”, “диний жана секулярдык билим берүү үчүн бир жерге топтолгон жарандык бирикме” катары атаганы, бирок аталган кыймылдын чындап эле зыяны бар же жок экендиги тууралуу шек саналышы керектиги;
- Үй-бүлөөсү аталган уюмда болгон студенттердин өз аракеттери менен уюмдан чыгуу үчүн кылган далалаттарынын натыйжасыз болушу;
- Аты өзгөртүлгөн Серкан аттуу 18 жашар бала, жашаган уюм үйүндө саат 18.00дөн 23.00гө чейин мажбур диний сабактарга катышкандыгын билдирип: “Гүлендин эски кол жазмасын түшүнө албай койдум. Бирок үйдө суроолорго жооп берилүүсү жана каршы пикир билдирүү жактыруу менен кабыл алынчы эмес”,-дегени жана Серкандын “Гүлендин насыяттарын” угуп жатып студденттердин баардыгынын тең жарыша ыйлаганына таң калганын жана үйдө жашаган эки жылдык мөөнөттө үйдөгү эрежелердин күн санап татаалдашканын, башка студенттер менен жазышуусуна жана досторунун үйүнө келүүсүнө тыюу салынганы, дем алыш күндөрү аталган үйлөрдө жашагандардын баардыгынын лагерлерге, китеп окуу конкурстарына жана уюмдагы башка үйлөрдө өткөрүлгөн маектешүүлөгө катышкандыгы, бирок берки үйлөрдөн, эмне болуп жаткандыгы тууралуу суроо берилгенде, “Сабак окудук, ойнодук, эс алдык жана футбол ойнодук” деп жооп берүүлөрү талап кылынгандыгы тууралуу айткандары;
- Мурун мугалим болуп иштеген аты өзгөртүлгөн Айше аттуу айым, аталган үйлөрдө жашаган 7-14 жаш курагындагы кыздарга маектешүү программаларынын алкагында сүйлөшүүлөр уюштурганын жана балдарды конкурска катышып жаткансып башка окуучуларды да үйгө алып келүүлөрүн талап кылууга мажбур болгонун айтып, ал үйлөрдөгү турмушка чыга элек студент кыздарга Түркиядан бойдок эркектер менен тааныштырылып, “андан кийин алар үчүн университет жашоосу бүткөнүн” белгилеп, 8 жыл боюнча Гүлен кыймылынын өсүсүү үчүн жардам бергенин айтканы тууралуу; Мындан тышкары 40 жашындагы Айше айым, мүчө топтоо жана кайрымдуулук чогултуу үчүн иштегенин, ар бир жума беш үй-бүлөнү уюмга кошуу үчүн тизме берилгенин, аягында бул басымга чыдабай, сын-пикирге ачык болбогон аталган уюмдун бир сектадан айырмасы болбогонуна көзү жетип 2014-жылы уюмдан чыгып кеткени тууралуу;
- Гүлендин чылгый тарапташтары болгон эки баланын аталарындан коркконунан, аталары аркылуу уюмга киришкендиги тууралуу; Дениз аттуу аты өзгөртүлгөн кишинин 7 жашынан баштап лагерлерге катыша баштаганын, Гүлен китептерин окугандарга тымызын акча берилгенин, аталган китептер талкуу үчүн ачык болбогондугу жана күндөлүк программаларда китептерди окууга мажбур болушканын, программа жана пландар туура аткарылып жатканын тастыктоо үчүн “Жалган сүйлөгөн тозокко кирет” дешкени тууралуу айтып бергендери;
- Айхан аттуу аты өзгөртүлгөн кишинин болсо атасы алган айлыгынын 50 %ын уюмга бергенин, ушундай эле көрүнүштү мугалимдер да кайталаганын, алар алган айлыгынын 40%ын беришкенин, диний садага милдеттенмесинин аталган уюмдун экономикалык базасын түзгөндүгү тууралуу айткандары;
- Түркияда Гүлен кадрларынын министрликтердин, билим берүү, сот, коопсуздук жана армиянын кээ бир бөлүктөрүндө орун алганын, бир канча холдинг, түзүлүш жана текстиль секторундагы ишканалар менен бир банктын тапкан пайдасын Гүлен кыймылынын мектеп, оорукана жана университетерине бергенин, Түрк армиясынын диний үгүтчү Гүленди, тарапташтарынын тымызын мамлекеттик маанилүү кызматтарга киргендиги тууралуу күнөөлөсүнөн улам 1999-жылында АКШга кеткендиги тууралуу;
- Аталары уюм менен байланышта калууну каалагандыгы үчүн Айхан жана Дениз аттуу аттары өзгөртүлгөн кишилердин үй-бүлөлүк маселелери болгондугу, Айхандын үй-бүлөсүндө пикир келишпестиктер болгону, апасы уулун жактагандыгы үчүн атасы зомбулук көрсөткөндүгү тууралуу;
- Дениз болсо төрт жыл мурун апасынын жардамы менен аталган желеден кутулганын, ушундан улам атасы апасы менен ажырашканын айтып, атасынын аталган желе үчүн дагы деле маанилүү ролго ээ экенин жана уюмдан мажбурлоолорунан корккондугун, алар тууралуу коомчулуктун билүүсү керек деп ойлогонун жана “атасынын аталган уюм үчүн үй-бүлөсүн курмандыкка чалганын, сыртка өзүн диний жана либерал кыймыл катары көргөзгөн бул уюм өз ичинде абдан фанаттык мүнөзгө ээ экенин” айтып өттү.
Булак: NazarNews.kg