www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нененстер эмнеге аялы менен сыйлайт?

Союз тарап, иш жоктун айынан мен дагы мигранттардын катарын толуктап, Россияны көздөй сапар алдым. Бирок, барган жерде эле “ме, иште” деп иш табыла койбогон соң, иш издеп сибирдин түндүгүн көздөй сапар алдык.

Бара турган жерибиз, Норилск шаары болучу, бирок машина менен жүрүп олтуруп нененстер байыр алган айылга туш келип калдык. Алар бизди абдан жакшы маанайда кабыл алышып, ошол жерде эки күнгө кармала турган болдук. Анткен менен алар орус тилинде сүйлөп, өз эне тилин биздин киргиздердей эстеринен чыгарып салышканбы, айтор сүйлөй алышпайт экен.

Бирок, абдан мейман дос келип, сыйга жакшы экенин дароо эле байкадык. Бизди бугунун этин салып коноктошту. Анткен менен алардын жасаган тамагы анча жага берген жок. Кеч кирди. Биз үчөөбүз элек. Эки курбум биз барган үйдө калышты да, мени бир киши өзүнүн үйүнө жаткырганы алып кетти. Ачыгын айтканда тундурада жашоонун шарты оор. Дагы жакшы, биз жай мезгилинде барып калганыбыз.Ошондо дагы сууктун күчү кадимкидей билинип турду. Алар ошол суукта кантип жашап жүрөт, билбейм.

Мен барган үй эки бөлмө экен. Аялы күлүп тосуп алып, тасмал жайып кирди. Мен каршы болгонума караган да жок.

Ал үйдөн чай ичтик, бышкан эт бар экен аны да койду. Андан дагы самагон дайыма столдо болорун байкадым. Анткени биринчи кирген үйдө дагы самогон бар болучу.

Биз бир сааттай убакыт тамактанган соң жатууга туура келди. Мен ушунчалык чарчагандыктан башым жаздыкка тийери менен эле уктап кетүүгө даяр элем. Бирок, жат-жатка келгенде мен эки кишилик болуп салынган төшөккө жатууга туура келди. Анткени үйдүн ээси мени аялы менен чогуу жатууга мажбур кылып салды.

Көрсө алардын эли азайып жок болуп бара жаткандыктан, башка жактан келген конокторду аялы менен бирге жаткырып, андан балалуу болууну эңсегендери экенин эртеси күнү билдим.

Анткен менен абдан тартынууну пайда кылды. Башка бирөөнүн үйүнө конок болуп келип анан аялы менен бирге жатуу албетте биз үчүн өөн учурайт эмеспи. Көрсө ар бир улуттун өздөрүнө ылайык салты болот экен. Аны сыртка көп чыккан кишилер жакшы билет. Бирок мени ойго салган маселе, алардын аялдары төрөгөнү менен ошондой аба-ырайы катаал жерде жашагандыктан төрөлгөн балдардын көбү чарчап калат өңдүү.

Айтайын дегеним, аларга биз өңдүү канча конок барат, алардын баарын аялдары менен сыйласа, төрөлгөн балдар кимден төрөлгөнүн деле билбей калышса керек. Кыскасы, улутту сактап калуунун гана бир жолу окшоп калды. Билбейм, жайдын күнү ошончо суук, кыштын күнү кантип күн өткөрүшөт, ага сөз жок. Бирок саны аз калк болушса дагы улуттун улуулугун сыйлап, начар жашоодо жашашса да жерин таштап кетпей жашап жаткандары ойго салды.

Самарбектин айтканын жазган Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости