www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада маалымат сапардын биринде “Клан Бакиевых рвется в Кыргызстан” деген аталышта макала жарык көрүп, анда 2010-жылдагы окуялардан кийин четке чыгып кетүүгө мажбур болушкан экс-президент Курманбек Бакиевдин бир туугандары ата-журтуна кайтып келүү аракетине өтүшкөнү, 2020-жылда боло турган парламенттик шайлоого да активдүү кирише тургандыгы жазылган. Коомчулукта Бакиев темасы азыр да актуалдуу, биздин саясатчылар анын тегерегинде сүйлөө менен саясий капитал топтогонду адатка айлантып алышкан. Бирок, акыркы Бакиевдер тууралуу таркаган маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар? Муну тактоо максатында биз экс-президенттин Казахстанда жашап жаткан иниси Адыл Бакиевге жолугуп, маек куруп келдик. Кандай болгон күндө да, демократиялык коомдо жашап жаткан соң, алардын да өз сөзүн айтууга акысы бар…

– Адыл Салиевич, жеке сиз Курманбек Бакиев кандай иштеди деген ойдосуз?

– Баары салыштырганда билинет экен. Атамбаевдин президенттик башкаруусунун жыйынтыгы кандай болгону белгилүү. Эксперттер өз баасында президент К.Бакиев өлкөнү алга карай сүрөсө, Атамбаев артка тартканын айтып, адилет баасын беришүүдө. Мен куру сөз менен эмес, фактылар менен айтайын. 2005-жылы К.Бакиев бийликке келгенде орточо айлык акы 2240 сомду түзсө, ал 2010-жылда 7189 сомго, же 320 пайызга өскөн. Акаев кетерде мугалимдердин орточо айлык акысы 640 сом болчу, 2010-жылы ал 3991 сомго, же 623 пайызга көтөрүлгөн. ИДПнын көлөмү 5 жылда 233 пайызга өскөн.

Баары президенттин ишин тышкы карыздын көлөмү менен баалаганды жакшы көрөт эмеспи. Акаев Кыргызстанды дээрлик 2,5 млрд доллар тышкы карызга батырган. 2010-жылы Курманбек Салиевич бийликтен кеткенде тышкы карыз 2,096 миллиард долларды түзгөн, б.а. 500 миллион долларга азайган. Ошол эле учурда өлкөнүн алтын-валюталык резерви көбөйгөн. Акаевдин кетеринде ал 543 миллион долларды түзсө, Курманбек Бакиев аны 1 млрд 819 млн долларга, же 335 пайызга көбөйткөн, тагыраагы – 3 эсеге өскөн! Бул жерде баса белгилеп кете турган нерсе, Аскар Акаев 2,5 млрд доллар тышкы карызды 15 жыл ичинде алган. Ал эми Атамбаев 7 жылдын ичинде эле дээрлик 2 миллиард долларга тышкы карызды көбөйтүп ийген. Азыр Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард долларга жакын. Болгондо да, Атамбаев ал карыздардын көпчүлүк бөлүгүн Кытайдан алган. Бул мамлекетке карызын убагында кайтарып бере албаган өлкөлөр алтын кендери же портторунан ажырап жатат. Биздин эгемендүүлүк үчүн да Атамбаев алган кытай карыздары кооптуу болуп турат.

Курманбек Салиевич президент катары “Кумтөр” кени боюнча Кыргызстандын позицияларын жакшырта алган. Аскар Акаев кеткенде Кыргызстандын үлүшү 16 эле пайызды түзчү, 17 пайыз акцияны Танаевдин өкмөтү 86 миллион долларга сатып ийген. Бизде калган 16 пайыз акциянын баасы 85 миллион долларга бааланып жаткан, “Кумтөрдөн” салык түрүндө 2-3 миллион доллар гана түшчү. К.Бакиевдин тушунда Кыргызстандын үлүшү 16%дан 33 пайызга көтөрүлдү, анын баасы 2010-жылы 1 миллиард 750 миллион долларга бааланып жаткан. Жакшыртылган келишим боюнча компаниядан Кыргызстан 2025-жылга чейин салык түрүндө эле 3 миллиарда доллар алмак. Мен бул жерде агамды мактаган жокмун, болгону реалдуу цифралар менен сурооңузга жооп бердим.

Булак: "Майдан"

Последние новости