www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада маалымат сапардын биринде “Клан Бакиевых рвется в Кыргызстан” деген аталышта макала жарык көрүп, анда 2010-жылдагы окуялардан кийин четке чыгып кетүүгө мажбур болушкан экс-президент Курманбек Бакиевдин бир туугандары ата-журтуна кайтып келүү аракетине өтүшкөнү, 2020-жылда боло турган парламенттик шайлоого да активдүү кирише тургандыгы жазылган. Коомчулукта Бакиев темасы азыр да актуалдуу, биздин саясатчылар анын тегерегинде сүйлөө менен саясий капитал топтогонду адатка айлантып алышкан. Бирок, акыркы Бакиевдер тууралуу таркаган маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар? Муну тактоо максатында биз экс-президенттин Казахстанда жашап жаткан иниси Адыл Бакиевге жолугуп, маек куруп келдик. Кандай болгон күндө да, демократиялык коомдо жашап жаткан соң, алардын да өз сөзүн айтууга акысы бар…

– Адилбек Салиевич, сиздер тууралуу жазылган кезектеги макаланы окудуңуз да. Чынын айтканда, буга окшогон макала-маалыматтар буга чейин да көп жолу жазылган. Бирок, бир да жолу үн катып койбодуңуздар. Эмне үчүн бүгүн бул адатты бузуп, ачык маек берүүгө макул болуп олтурасыз?

– Сөзүмдүн башында сиздер түзүп жаткан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, гезитиңиздер аркылуу жалпы кыргыз элине салам айтып, башымды ийип таазим кылам. Себеби, четте жүргөнүбүзгө карабай, элибиздин жана биздин туугандарыбыздын, досторубуздун колдоосун сезип жаттык, жылуу сөздөрүн аябай, байлынышып, кат жибергендер да бар. Ачыгын айтканда, тогуз жылдын жүзү болду, эмне деп гана жазышкан жок! Булардын максаты бирөө эле – өздөрү жасаган мыйзамсыз, куралдуу төңкөрүштү актоо керек болчу! Дал ошондуктан, биздин фамилияны дискредитациялоо максатында фантазияларынын жетишинче элге карандай калпты чындыктай жеткизүү далалатында болушту. “Коомду ушул жомокко ишендирсек, каалашынча жеп, жыргай беребиз”-дешкен да. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн, андан кийин Отунбаеванын бир жарым жылдык башкаруусу учурунда, Атамбаевдин 7 жылдык президенттик бийлигинин маалында ар дайым, жарашса да, жарашпаса да Бакиевдерди каралоо салтка айланып калганы жалганбы? Эгерде булар кыргыз элинин турмушун жакшыртып ийишсе, биздин агабыз Курманбек Салиевичтен жакшы иштеген болсо, мен бүгүн унчукпайт элем. Сиз сурап жатпайсызбы, эмнеге бүгүн баарын ачык айтууга чыгынып калганым жөнүндө – жооп берейин буга. Атамбаев бийликте турганда сөз талашыштын такыр кереги жок эле. Анткени, ал өзүнүн кылмыштуу долбоорлорун жаап-жашыруу үчүн баарын бизге оодарып, жамандоо жолун калыптандырып алган. Ал кезде бир нерсе сүйлөп убара болуштун кереги жок эле. Мына эми гана адилеттүү бийлик келгенден кийин Атамбаевдин чыныгы жүзү ачылып олтурат. Сооронбай Жээнбеков келгени коомдо адилеттүүлүк орной баштаганын мен сезип турам, ошондуктан, өз позициямды айтып чыгууга батындым.

Булак: "Майдан"

Последние новости