www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жылдын 24-февраль күнү саат 20:20 чамасында, Ноокен районунун аймактык ооруканасынын тез жардам кызматынын тарабынан Ноокен РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Ноокен районунун Масы айылында жайгашкан Сай-Мала участкасынын Тоскоол сайдын жардын болжол менен жыйырма метр төмөн тарабында бейтааныш азият улутундагы 15-20 жаштардагы эркек баланын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул маалымат түшөөр заматта Ноокен РИИБнүн тергөө-ыкчам тобу аталган жерге чыгышып, окуя болгон жерде кароо жүргүзгөн учурда сайдын жардын болжол менен жыйырма метр ылдый тарабында Тоскоол сайдын боюнда, кызыл түстөгү канга окшогон зат алынды. Жергилүктүү тургундардан сурамжылоо иштерин жүргүзүшүп, териштирүү учурунда Ноокен районунун Масы айыл аймагынын Масы айылында айылынында жайгашкан Сай-Мала учаткасынын Тоскоол сайдын боюнда бейтааныш азият улутундагы 15-20 жаштагы жансыз денеси Ноокен районунун аймактык оорукананын өлүмканасына тез жардам тарабынан алып кетилген.
Ноокен районунун аймактык оорукананын өлүмканасында азият улутундагы жашы болжол менен 15-20 жаштагы жансыз дененин өздүгү аныкталып, ал Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Дамаш айылынын тургуну, 9-классынын окуучусу, 2003-жылы туулган Дамашев Н экендиги аныкталган.
Жашы жете элек Н.Дамашевтин жансыз денесин сырткы кароо жүргүзгөн учурда он шыйрак бут кетменин мунуунан ачык түрдө сынык экендиги аныкталган, азыркы учурда соттук-медициналык экспертизасы дайындалып, топтолгон материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктуу реестирине автоматташтырылган маалымат системасына 2019-жылдын 24-февраль күнү катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Азыркы учурда окуя боюнча тергөө тапшырмалары берилип, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө деп билдирет Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg