www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Новосибирск шаарында мурда соттолгон 27 жаштагы Тажикистандык жигит кызганычтын айынан 17 жаштагы кызды өлтүргөн деп шектелүүдө. Ал кыздын денесине 15тен кем эмес бычак сайган. Бул тууралуу РИА Новостиге аймактын укук коргоо органдары билдирди.

Кечээ, 26-июль күнү кечинде Новосибирск шаарынын Совет районундагы Лесочная көчөсүндө бычактан алган жаракаттары бар кыздын сөөгү табылган. Тажик жараны көчөдөн кызды кууп жетип, жерге жыгып, бычак менен бир катар соккуларды урган. Ал алган жараатынан улам ошол жерден каза болгон. Адам өлтүрүү боюнча иш козголуп, шектүү шаардын башка аймагынан изи сууй электе кармалган.

Кармалган тажик жаран жүк түшүргүч болуп иштечү. Анын Орусияда 2023-жылга чейин убактылуу каттоосу бар экендиги аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости