www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жөн эле мени менен байланышы жок, чыгармачылыгымды сыйлап эле мен үчүн 4000-5000 сомдук себеттерди, 6-7 миң сом турган гүлдөрдү көтөрүп келишти. Бул тууралуу ырчы Нурайым Акылбекова бүгүн, 28-сентябрда ырчы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Концерт күнү "Билетиң 2000 сом, кымбат" дебей эле белектерди ачып көрсөм чоң-чоң, себет-себеттерди алып келгендерди караңыздарчы. Жөн эле мени менен байланышы жок, чыгармачылыгымды сыйлап эле мен үчүн 4000-5000 сомдук себеттерди, 6-7 миң сом турган гүлдөрдү көтөрүп келишти. Сыйлаган эл эч кандай кымбат дебей эле көрө берет экен. Чыгармачыллыкка аралашкан киши кандай оор экенин билет болуш керек. Мындан кийинки концерртер дагы эми байкасам кымбат боло баштады", - деди ал.

Эске сала кетсек, 25-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында ырчы Нурайым Акылбекова тушоо кесүү концертин элге тартуулаган.

Интернет колдонуучулар ырчынын концертине билеттер кымбат экенин айтып, нааразычылыктарын билдиришкен.

Мындан сырткары, гүл көтөрүп барган казак ырчысы Биржанды концертке киргизбей койгон видеотасма тарап, катуу талкууга алынган эле. Интернет колдонуучуларынын көпчүлүгү ырчы Нурайым туура эмес кылганын айтып чыгышты.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости