www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оруп-жыюу өнөктүгүн утурлай өлкөбүздүн агрардык жаатын колго алган министрди кепке тарттык. Күзгү сезондон тышкары да тармак башчысына айрым суроолорду жолдосок, маектешим алынын жетишинче жооп узатканга жарады.
– Нурбек мырза, быйылкы түшүмдүүлүк кандай болду? Кайсы өсүмдүктөрдөн мол түшүм жыйналды? Көпчүлүк дыйкандар картошканын баасынын арзандашына кабатыр болушууда. Силер эми дыйкан-фермерлердин үстүнөн эсеп-кысап жүргүзгөн органдай эле болуп калбадыңарбы, күзгү жыйым-терим боюнча кеп салып берсеңиз?
– Быйылкы 2018-жылдагы оруп-жыйноо өнөктүгү жаман болгон жок. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн баардык параметрлеринен түшүмдүүлүк жакшы болгондугун айта алам. Өзгөчө быйыл түштүктө жыйналган пахтанын түшүмдүүлүгү баарыбызды кубандырды. Биз эми Кудайга шүгүр келтирип, топук кылганды да билишибиз керек да. Туура, ушул күндөрү төө-буурчак менен картошканын баасы арзан болуп, бул жагынан мээнет кылган дыйкандарыбыз кабатыр болушууда. Бүгүн картошканын ар килинин дүң баасы сортуна, сапатына, аймактык өзгөчөлүгүнө жараша 5 сомдон 8 сомго чейин болууда. Жалпы өлкө аймагы боюнча быйыл 84 жарым миң гектарга картошка эгилген. Мындай аянттан чогултулган картошканын дүң жыйымынын көлөмү 1 млн. 500 миң тоннага чейинки көрсөткүчтү түздү. Азыр дал ушул картошканы экспорттоо боюнча көйгөйлөр жаралып жатканын жашырбайбыз. Өлкө аймагы боюнча картошка толугу менен казылып бүттү. Жыйналган түшүмдү дыйкандарыбыз зарыл болбосо анча-мынча керектөөсүнө жараша сатып, калганын кармап турса, 20-ноябрдан кийин баасы көтөрүлөт эле. Былтыр деле ушул маалда картошканын ар килинин баасы 8-10 сомдун тегерегинде болгон. Жакында биздин экономика министринин орун басары Өзбекстанга барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишти. Ал жерде деле картошканын баасы 10-15 сомдун тегерегинде экен. Андыктан, картошкабызды Өзбекстанга экспорттоп, сатуунун кызыкчылыгы жок болуп жатат. Ал эми өлкөбүздүн аймагы боюнча төөбуурчактын 6-7 түрү быйыл эгилип, өстүрүлдү.
Анын ичинен былтыр жакшы баа болгон «томатный» деген сортун дыйкандарыбыз быйыл көбүрөөк айдап алышыптыр. Төө буурчактын бул «томатный» сортунун керектөөчүсү бир гана Иран мамлекети экен. Алар болгону 15 миң тонна керектесе, быйыл биздин дыйкандардын «томатный» сортунан жыйналган түшүм 30 миң тоннага чамалады. Ушул себептен баасы түшүп жатат. Азыр төө буурчактын дал ушул сортунун баасы гана 35 сом болуп жатса, калганы түрлөрүнө жараша 70 сомго чейин болууда.
– Бажы биримдигине кирсек эле өндүрүлгөн түшүмдөрүбүз коңшу өлкөлөрдүн базарына эркин кирип, дыйкандарыбыздын жыргап кетишерин саймедирешпеди беле, кана анысы? Бул жагынан эмнеге тушалып жатасыңар?
– Экспорт маселеси үстүбүздөгү жылы жакшы эле болду. Россия, Казакстан, Өзбекстанга жакшы көрсөткүчтө жыйналган түшүмдөрүбүздү экспорттой алдык. Ушул жерден баса белгилөөчү бир жагдай, быйыл Россияда рубльдын, Казакстанда теңгенин куну түшүп кетти. Ошол себептен Россия менен Казакстанга жер-жемиштерин экспорттошкон дыйкандарыбызга акча эквивалентинен бир аз төмөн болуп, бул жагынан кедергиси тийбей койгон жок. Бирок, тонналык көлөмгө салыштырганда былтыркыдан быйыл коңшу өлкөлөргө экспорттолгон түшүмдүн көлөмү көп өлчөмдө болгонун баса белгилеп айтып кете алам.
– Сиз көп учурда Жогорку Кеңеште, өкмөттө жүрөт экенсиз. Күзгү сезон алкымдап, иш кычаган маалда Акүй, Көкүйгө көп барыпггы азайтып же орун басарларыңызды ал жактарга жөнөтүп, өзүңүз бюрократиялык жолдон качпайсызбы?
– Жайыма койсо мен деле жер-жерлерде дыйкандар менен аралашып, алардын маселесин жеринде көрүп, колдон келген жардамдарды бергим келип жатат. Эми иш ушундай экен, учурда өкмөттө, парламентте бюджет маселеси каралып жаткандыктан, Акүй, Көкүйгө ошол себептен көп барып жатам. Мына бүгүн-эртең алгач Нарынга, андан соң Жалал-Абадга жол тартканы турам. Ал жактардан дыйкандар менен жеринде жолугушуп, түшүмдүүлүк боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөм.
– Министр болгону өткөн жылы айыл чарба министрлигинин 90 жылдыгын белгилеп, жакшы иш-чара кылдыңыз эле. Буга чейинки айыл чарба министрлигин жетектеп кеткен жетекчилердин бири Бекболот Талгарбековго моралдык жактан колдоо сыяктуу иш-чара өткөргөнгө жарадыңызбы?
– Башына иш түшүү бул ар бир адамдын кылган ишине, жүрүм-турумуна жараша болот экен да. Маңдайга жазган тагдыр дегендей. Эми тегиз баарынан кабар алыш деле кыйын да. Эгерде элдин же биздин министрликтин кызыкчылыгы болуп турса, анда акция же бир иш-чара кылбай койсок да сын айтсаң болот эле. Андыктан, бир кишинин кызыкчылыгы үчүн жетекчи катары бүтүндөй министрликтин ишин буруп, кандайдыр бир кадамдарга барууга менин укугум жок деп ойюйм.
– Парламент депутаттары менен жарандык активисттер тарабынан бүгүн айыл чарба министрлигине байма-бай сындар көп айтылып, алды министрликти таза жоюп салуу керектигин билдирип чыгышууда. Ушундай сындардан соң өзүңүз деле ойлонуп көрдүңүзбү сиз жетектеген тармактын кереги бары-жогу тууралуу… Эсеп-кысап жүргүзүү менен мамлекеттик казынага ашыкча эле зыян келтирип, минип алган жоксуңарбы?
– Бир беткей эле андай деп деле ойлобойм. Иш жүрүп жатса, аракет кылынып жаткан жерге сөзсүз сын-пикирлер айтылат тура. Бүгүн эң көп жумуш дал ушул биздин айыл чарба министрлигинде деп тартынбастан ишенимдүү айта алам. Эгерде биздин тармакта иш жок, бул жерде эмгектенгендер алакан жайып эле отуруп калсак, анда азыркыдай байма-бай сындар айтылбайт эле да, туурабы? Биз колубуздан келишинче, мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче бар аракетибизди кылып иштеп жатабыз. Эгерде министрликтин ички иши менен таанышып, биздин аракетти жакшы билгендер болсо, анда азыркыдай сындарды байма-бай жаадырышмакэмес. Биздин министрликте жалпы региондорду кошкондо төрт жарым миң адам эмгектенсе, борбордук аппаратыбызда 84 гана киши иштейбиз.
Булак: "Азия ньюс"