www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үч кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыгып кеткенине жарым жылга чукулдап калса да Аскарбек Шадиевди депутаттык мандаттан ажыратуу маселеси карала элек.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орунбасары Абдыжапар Бекматов бул жаатта эч кандай кайрылуу боло электигин айтты. Ага издөө жарыяланганы же кылмыш ишине байланыштуу күч органдарынан же соттон эч кандай маалымат берилген эмес.
Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасынын кабылдамасынан билдиришкендей, бул иш Шадиев мүчө болгон фракциядан арыз түшкөндө каралат.
Аскарбек Шадиев мүчө болгон "Бир бол" фракциясынан маселе качан көтөрүлөрүн азырынча тактай алган жокпуз.
Эреже боюнча депутат бир сессияда 30 жумуш күндөн көп себепсиз ишке чыкпаса, аны мандатынан ажыратуу демилгеси көтөрүлүшү керек.
Шадиевге Башкы прокуратура алгач "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда экени кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренесинде каралган белгилер боюнча иш козгогон. Андан соң "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо" беренеси боюнча да айып тагылган. Шадиевге издөө жарыяланган.
Булак: "Азаттык"