www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айыл чарба министри кезинде дарыгерди сабап, чоң муштум депутат атыккан Нурбек Мурашевдин башына кара булут айланды. Коомчулукта аны мактагандар эмес, ишин сындагандар көбөйдү. Дыйкандар жылдагыдан картөшкө арзан болуп жатканын, аны өткүзө албай убара болуп, мээнети кайтпаганын айтып нааразы болушууда. Мурашев болсо картөшкөнү көп эктирип алып, унчукпай басып жүрөт. Дасыккан адистер болсо, анын бул абалын иш билги адис болбогону менен байланыштырышууда. Ошон үчүн Айыл чарба министринин ишин жөндөй албай жатат дешүүдө.
Өкмөт жакында бул министрге чара көрбөсө, анын кесепети өкмөт менен президентке тийиши толук мүмкүн. Себеби, Нурбек Мурашев аталган кызматка Сооронбай Жээнбеков премьер министрлик кызматка бекигенде келген. Таңгалыштуусу ишинен жарытылуу жыйынтык чыгара албаса да, бир эмес үч жолу өкмөттүн алмашканына карабай солк этпей отурат. Бир болчулар болсо, күнөөнү ишин илгерилете албаган партиялашынан эмес, системадан көрүшөт. Баарынан кызыгы, өкмөт башчысын эскертүүсүн алса да, эгерде жетекчилик «ишти жакшы жүргүзө албайт» деген чечимге келсе, кызматтан кетүүгө даяр экенин айтса да аталган кызматта иштеп жатат.
Өкмөт тез арада элдин маселесин чече албаган же ишин жөндөй албаган министрлерден арылбаса, элдин ишениминен чыгып калышы мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg