www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ала-Тоо Резорт аймагында курулуп жаткан суу менен камсыздоо объекттеринин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Министр курортту үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган башкы суу алуучу курулманын жана ичүүчү суу сактоочу резервуарлардын курулушун жеринен көрүп чыкты.

Маалыматка ылайык, учурда башкы суу алуучу курулмадагы иштердин 60 пайызы, ал эми ички суу түтүк тармактарынын 50 пайызы аткарылган. Төрт суу сактоочу резервуардын курулушунда жер казуу иштери толугу менен аяктап, суу тазалоочу станциянын фундаменттери курулган.

Тоолуу шарттарга байланыштуу курулуш иштеринин айрым этаптары убактылуу токтотулган. Учурда курулуш техникасы менен материалдарды мобилизациялоо жана объектти электр энергиясы менен камсыздоо боюнча даярдык иштери жүрүүдө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө министр курулуш иштеринин сапатын камсыз кылуу, белгиленген мөөнөттөрдү сактоо жана объектти өз убагында пайдаланууга берүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө объект боюнча курулуш-монтаж иштеринин жалпы аткарылышы 30 пайызды түзөт.

Последние новости