www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байлар – жазмакерлер – эл. Абалтадан ушул 3 бурчтук бар. Болгон, болууда жана боло берет. Илгери кыргыздын байлары жанына такай ырчы ээрчитип, анысы ошол байды даңазалап, азыркыча айтканда пиар кылып, образын түзчү. Жанына ээрчиткен ырчынын деңгээли, элге таанымалдыгы, таланттуулугу ошол байдын авторитетинен кабар берген. Таанымалдыгына жараша ырчылардын гонорары да жогору бааланчу. Мисалы, аты чыккан ырчы-төкмөлөр жок дегенде бир кыл куйруксуз бир куплет да ырдачу эмес экен. Ошо төкмөлөр байлардын же бийлердин авторитетин асмандатып же такыр жер менен жексендетип койчу, атаңдын көрү! Андай арзымат ырчылардын катары өтө эле калың болгон.
Ал эми Током сыяктуу илгеркиче айтканда, демократ ырчылар саналуу эле өтүптүр. Бирок көр тирлик аларды деле кайсы бир байды же бийди мактап, алардын оппоненттерин боктоп, компромат жаадырып, черный пиар кылууга аргасыз кылган. 
Азыр эми биздин байлар чөнтөгүнө жараша гезит, сайт, телевидение кармап калышты. Эң эле болбоду дегенде 1-2 журналист, ага да алы жетпегени 3-4 фейки бар бир журналистти каржылашат. Биздин бети калың саясатчылар, байлар эл билбейт дейби, өз ММКсы жөнүндө айтуудан караманча карманышат. Мисалы, НТС Бабановдуку, “Нур” Келдибековдуку, NexТВ Равшан Жээнбековдуку жана башка.
Сооронбай Жээнбеков Назгүл Мамытованын суроосуна жооп берип жатып айтпадыбы, тириглик да, силерди да түшүнөм деп. 
Маалымат жыйында журналисттер өз кожоюндарынын көйгөйүнөн жогору көтөрүлө алышпады.
Эң аттуу –баштуу делген журналисттер да өз айылынын, районунун, шаарынын же өздөрү жасаган материалдын жыйынтыгын сурагандан да маанилүү маселени жамырай журт алдына сала алган жок.
Демек Арзыматтын арбагы мурда болуп көрбөгөндөй тирүү. Көпчүлүк ММК кожоюндун көйгөйү, кожоюндун көзү аркылуу чындыкты чагылдырууга, ошолордун кызыкчылыгы корголгон суроолорду Президентке берүүгө мажбур.

Ушакчы журналистика же ОБС (одна бабка сказала)
Маалымат майданында ушундай тенденция жүрүп бара берсе, эртең жанагы анекдоттогудай базардагы катындар эмне деп атышат деп Президент маалымат катчысы Толгонай Стамалиевадан сурашы мүмкүн. Анткени Президент өзү баш болуп: “жазып жатышпайбы, айтып жатышпайбы” деп фейк маалыматтарга да көңүл бураарын, анын баары жүрөгүнө катуу тиерин билдирип койду. Эл маалыматтардын саманы кайсы, топону кайсы айырмалай албай калды. 
Негативге толгон маалыматтар өлкөдөгү социалдык, моралдык гана абалга эмес, инвестициялык, экономикалык абалга да эбегейсиз зыян келтирип жатат. 
Журналистиканын дөө-шаалары делгендер да ОБС маалыматтардын негизинде Президентке улам эле суроо узата бергени өтө осол иш болду. 
Азыр алгач жарымы жалган, жарымы чын маалыматтар таратылып, анан кыкеңдер “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” деп философчулук кылышып, анан ошол маалымат бара-бара чын чыгып калып жаткандай. Анткени маалымат таратуучулар ошондой каалашат жана ушак аркылуу максатына жетишет. Жалган маалыматтар соттордун, аткаруу бийлигинин, мыйзам чыгаруу бийлигинин чечим кабыл алуусуна таасир этип, мунун өзү улуттук өнөкөт ооруга айланып калганына көп болду.
Маалымат айдыңындагы бул жагдай Жээнбековдун маалымат жыйынында да кашкая көрүндү. Президент жалпы улуттук, керек болсо эл аралык маселелерге жооп берүүнүн ордуна ушактарга жооп берүүгө аргасыз болду.
ОБС журналистика орто звенодогу адам Раим Матраимовдон монстр, алтүгүл Жогорку Кеңеш, Сот Өкмөттөн да жогору турган бир табышмактуу фигура жасап койду. 
Кайран Курманбек Салиевич бир маалымат жыйынында Рысбек Акматбаев тууралуу суроо берген журналистке: “Боже упаси, Акматбаев не такая фигура!” – деп жооп берди эле. Ошол сыңары Раим миллион деле чоң жыйында улам-улам аты аталчу бала эмес эле...

Элге жараша өкүмдар

Куранда: “Силер өзүңөрдөгөнү өзгөртмөйүн, коомду өзгөртпөйм” дейт Алла Таала. Элге жараша өкүмдар бийликке келет. 
Сооронбай Жээнбеков – орто кыргыздын чагылышы. Кыргыздын турмушу жан багуу, майда-барат интригалар, тууган ичиндеги проблемаларды жөнгө салуу, бийликтер менен алака кылуу, той-топур, өлүм-житим, бала окутуу ж. б. нук менен өтөт. 
Жээнбековдо деле ушул абал. Ыркырашып бийлик талашкан 120 депутат... жоон топ министрлер..тендер... кендер... туугандар... бийлик сурагандар... шайлоодо иштеп бердим эле дегендер, наам сурагандар... көр сурагандар... эстелик коюп бер дегендер... сырт душман, ички душман.. зонадагылар... мигранттар... аферисттер.. дагы толтура...
Иши кылып биздей эле жүдөп аткан бир кыргыз. Европадагыдай болуп, элиңдин турмушу мыкты, ар ким өзү менен өзү, анча-мынча трансгендер, гомосексуал, сакалы бар аялдар, эрге тийбейбиз деген аялдар эле проблема жаратпаса, калыптанып калган турмуш нугу бар өлкөнүн Президенти болсоң гана эми.
Жок, андай эмес. Президент да биздин коомдун туундусу. Мындай болуш керек эле, андай болуш керек эле дейбиз. Президент ушундай эле болот. Анткени өзүбүз ушундайбыз. 
Кечээ эле өңчөй кузгун, шакал, текелер эл башкарды эле го. Бүгүн Адам эл башкарып, жакшы окуучудай болуп, 1 саат мурун ишке келип, досунан калган оор мурастын эбин таап, ыштаны жаман жеринен айрылган Кыргызстаныбызды ондоп-түзөп келе жатканына каниет кылып туралы. 
Илгери Кубат ака айтты эле. Кыргызда бир эле идеология болуш керек: ал идеология – УУРДАБА деп. Жээнбеков уурдаганын жеке мен уга элекмин мисалы. Болбосо локатрларым жакшы эле иштеп, жердин аркы бетиндеги иштерден да кабарым бар.
Азырынча Сооронбай Жээнбеков өрт өчүрүп эле келе жатат. 2010-жылдагы Ош окуялары... куданын куттуу күнү терезеңин алдына келип алып Кет деп кыйкырган эл... эч качан тешиги бүтөлбөс бюджет... ТВ ачып алып 24 саат шыбаган дос...
Бул баш оорулар аз келгенсип, карыз коколоп келе жатыры. Эмки жылы 20 млрддай сырткарыз төлөшүбүз керек. Акаев доорундагы бир жылдык бюджет... 
Шу энди. Жээнбековдун кундуздай чачы куу болот али... биздей эл турганда буга кепилдик бар...

Тил жана Президент
Бул маселеде деле Жээнбеков 90 пайыз кыргызды чагылдырып турат. Азыр 90 пайыз кыргыз кыргызча ойлонуп, анан которуп туруп сүйлөйт эгер орусча сүйлөө зарыл болсо же 100 кара баштын ичинде 1 сары баш отуруп калган болсо. 
Мамлекеттик тилди өнүктүрөбүз дегенибиз менен иш жүзүндө орус тилине басып койобуз. Бара-бара бардык мамлекеттик иш-чаралар кыргыз тилинде гана өтүлсүн деген норма кириши керек. Котормочулар бар да. 
Еврейлердей, же прибалттардай болуп, Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жаран кыргыз тилин билбесе 2 сорттогу адам деген сыяктуу жазылбаган да, жазылган да мыйзам турмушка ашыра алабызбы, жокпу, аны мезгил көрсөтөр. Мен жеке өзүм биздин мындай кылаарыбызга такыр ишене албайм.
Анткени азыр келечек элита бала бакчадан тартып орусча, англисче гана окуп жатат. Чөнтөгүңдө шамал ышкырып турса, мыкты эмес, машаяк болуп кетсең да бийликке жолотпогон кыргыз эли турганда азыркы бей-бечаралардын балдары келечекте бийликке келүүсү даркүмөн.

А негизи маалымат жыйындын уюштурулушу жакшы. Бир катардагы кыргыз той кылса деле, көк пакеттеги кешикти бөлүшкөнчө 2-3 күн талкуу болот. Ушундай чоң иш-чараны талкуулабай жаныбыз жокпу.

Ии, баса. Балким маалымат жыйынында модератор кылып, ушул иштин нанын жеген башка бирөөнү койсок кандай болоор эле. Маалымат катчы модератор болгондо, мени антти, тигини антти дей берет экен журналисттер. Анан да кайталанып же такыр башка жакка оттоп кетип жаткан суроолор болсо, модератор башка нукка буруп турса башкача болоор беле дейм да. Ал эми маалымат катчы жыйынды алып барып жатып, сөзүн токтотсо же бөлсө, берки журналист редакциясына барып алып, катчынын башынан ылдый жугунду куярын бөркүмдөй көрөм.

Президенттин Протокол кызматы жана Иш башкармалыгынын чоңу Турдуназир Бекбоевго кулак кагыш: Президенттин катышуусу менен өзүбүздүн ички иш-чаралар болуп жатканда “жинди сууну” столго койбой эле койсоңуздар анча деле капа болбойт элек..

Нургазы Мусаев, NazarNews.kg

Последние новости