www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Биз Көлдөгү айылдардын биринде жашайбыз. Жолдошум менен Бишкектен таанышып, эки жыл сүйлөшкөн соң 3-курсту окуп атканда турмушка чыгып кеткем. Ошол бойдон окуумду уланткан жокмун. Баш-отум менен үй-бүлөлүк турмушка, келиндик кызматка сүңгүп кирдим. Барган жерим очар-бачар, мал-жандуу бүлө. Үйдө ортончубуз, кайнатам ошондо эле айылдын четине үй салып, энчибизди берип бөлүп койгон. Жолдошум айылдан мал алып сатып, жер айдатып иштетип тиричиликке тың чыкты. Ошондон улам акча-тыйын жагынан кыйналбай кенен жашоодо жашадык.
Келин болуп барганыма туура эки жыл дегенде боюма бүттү. Кош бойлуулугум ойдогудай, эч кыйынчылыксыз өттү. Ай-күнүмө жетип аман-эсен көз жардым. Алгач кызымдын саламаттыгында баары жайында го деп ойлогом. Бирок төрөлүп 4 ай болсо да башын ары-бери буруп, ар кандай үндөргө таасир бербей жата берди. Угушума караганда бул маалда баланы көмкөрөсүнөн жаткырса башын көтөрүп, мойнун бурганга жарап калат экен. Менин кызымда андай жылыш болгон жок. Кезектеги текшертүүгө алып барганда доктурубузга кызымда жылыш болбой жатканын айтсам невропатологго жөнөттү. Ал кызымды текшерип көрүп эле ДЦПнын белгилери бар экенин айтты.
- Ал эмне болгон оору? Эмнеге андай? Дарылатсак айыгабы?-деп үстөккө-босток суроо бердим.
Айбийке чоңойгон сайын менин түйшүгүм мурдакыдан да көбөйдү. Кызымдын айыгарына көзүм жетпей калганда удаа эки уул төрөп алгам. 5,6 жаштардагы ал балдарым да тентек. Айбийке болсо басып баратып түз жерден буту чалыштап мүдүрүлүп жыгылып бети-башы далай тытылды. Жини келгенде колуна тийген нерсесин сындырып, айрып-тытып салмайы да бар. Кээде тамактанып отурганда тамакты дасторкондун үстүнө төгүп салып, айтор, бир заматта ызы-чуу болуп жатып калчубуз. Кезектеги тамактанууда Айбийкенин дагы адаты кармап кеседеги суюк тамакты оодарып салды.
- Ушунун азабы өттү! - деп күйөөм дасторкондон силкине туруп жөнөдү.
- Сенин кара куурай чеккениңдин азабынан кызыбыз оорукчан болуп калды! Ушул азапты сен үйдүң башыбызга! –дедим мен да көп жылдан бери ичиме толуп жүргөн бугумду чыгарып.
- Эмне?!
–Күйөөм муштумун түйө ызырынып мени көздөй умтулду. Бул менин андан биринчи жолу аёосуз таяк жешим эле.
Бир күнү кир жууйун деп күйөөмдүн шымын силкип жиберсем чөнтөгүнөн ширеңкенин кутусу ыргып кетти. Башында чөнтөгүнө ширеңке салып алган го деп маани деле берген эмесмин. Алып коёюн деп эңкейгенимде ичинен майда үбөлөнгөн чөп чыкты. Бул чөптү мурда укканым менен биринчи жолу көрүшүм эле. Бирок жолдошум кара куурай чегет деген ойду жууткум келген жок. Мээме түркүн ой келди, балким алып-сатып жүрөбү дедим.
- Бул эмне, ыя? –дедим бир буту менен босогону аттаган күйөөмө. Алгач көзү алайып, нес абалда болгону менен бат эле өзүн колго алды.
- Кайдан алдың, алып кел! - Колуман жулуп алып ички үйгө кирип кетти.
- Арам акча менен багайын дедиңби бизди, муну менен кармалсаң эмне болоруңду билесиңби? Баарыбыздын шорубузду катырганы турасыңбы? –дедим атырылып.
- Эй, муну мен эле эмес, айылдагылардын баары чегет!
– Күйөөмдүн бул сөзү мени биротоло нес кылды. Эмне дээримди билбей оозуман кебим түшүп отуруп калдым. Ушундан кийин “кызыбыздын майып болуп калганына кара куурай себеп болуп жүрбөсүн” деген ой мээме кыттай уюду.
Демек, айылдагылардын көбү чексе алардын деле балдары оорукчан болмок да. Бир баштан айылда кимдин балдары оорукчан экенин эстеп көз алдыман өткөрө баштадым. Сейиттин үчүнчү баласын да майып деп атты беле? Мектептин жанында жашаган Таалайдын да кызы оорукчан болуп төрөлүп бештен өткөндө чарчап калбады беле?
Кызыгы, жогорудагы айылдаштарыбыз менин күйөөм менен чогуу жүргөн теңтуштардан болчу. Бул ойлор менен ичимден алышканым менен жолдошума ачык айтканым жок. Бирок чийки май жегенсип ошол окуя эсимен кетпей кала берди.
Бул ушундай балдардын шал оорусу. Ичте жатканда же төрөлгөн соң мээсине доо кеткен,-деди доктур көзүмө тик карай албай.
- Борборго алпарып күчтүү доктурларга көрсөтсөңөр биротоло айыгып кетпесе да жылыш болот,-деди. Доктурдун сөзүнө ишенгим келген жок. Жандай көргөн кызымды мындай ооруга кыйбай көз жашымды төгүп отуруп калдым. Жагымсыз жаңылык менден да күйөөмө чоң сокку болду окшойт. Үн-сөзү жок, же жубатар кеби жок түнт тартып кетти. Эртеси эле Бишкекке жол тарттык. Сураштырып отуруп эң жакшы деген невропатологго кирдик. Ал текшерип көрүп кызыбыздын оорусу ДЦП эмес экенин, жакшы дарыласа айыгып кетерин айтканда кубанганымдан ыйлап жибердим.
Доктурдун айтканын эш тутуп ар бир үч айда доктурга жатып, кылдат карап кызымды аман-эсен 8ге чыгардым. Айбийкенин курагындагы кыздар тили сайрап, чуркап ойноп жүргөнүн көрсөм заманам куурулат. Менин кызым болсо канчалык аракет кылып үзбөй дарылатканыбызга карабай кулагы укпайт, сүйлөй албайт, ошентсе да басканына шүгүр кылам. Эмне себептен кызымдын майып болуп калганын күндө жүз ирет ойлоном. Кош бойлуу кезимде күйөөмө анда-санда мал тейлешип чыкканым болбосо оор жүк көтөрүп, кыйналганым деле болгон жок. Сасык тумоо деген ооруну тогуз ай бою жаныма жууткан эмесмин. Анан эмне себептен мындай болуп калганы мен үчүн чечилгис табышмак эле. Же доктурлар билишпейт.
Булак: "Леди кж"