www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жылкылардын сүйүүсү

Бул жашоонун түгөнбөгөн сыры бар, бирок биз ага көп маани бере бербейбиз. Эмесе бир эле адамдар эмес камбар атанын тукуму жылкы баласында дагы арзуу сезими бар экенин, сиздерге учкай баян кыла кетейин.

Айткандай бул окуяны мага Токтогулдук байке айтып берген эле. Эмесе укканымды сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүм.

Чабдар айгыр бул үйүргө айгыр салынганына он жылдай убакыт болгон. Анткен менен үйүрүнө жакшы карап, бир да кулунун карышкырга алдырган эмес. Жакшы айгыр үйүрүн көздүн карегиндей карап, абдан сак болот.

Бир курдай Суусамырдан башатка деп кула байтал келди. Аны үйгө эки күн кармап, анан чабдар айгырдын үйүрүнө кошкону жетелеп бардык. Айгыр алыстан эле бизди көргөндө четке чуркап чыкты да, кулагын тикчийтип карап калды.

Байталды али айгыр көздөй элек экени да дароо билинди. Эгер айгырдан чыгып калган болсо анда айгыр үйүрүнө алмак эмес. Байкем экөөбүз кула байталдын ноктосун шыпырып алып, коё бердик эле айгыр жан алы калбай чуркап келип, кула байталды жыттап анан экөө дароо эле жыт алышып калды. Бир топко чейин карап турдук да, айгыр кабыл алганына көз жеткенден кийин биз изибизге кайттык.

Арадан туура эки ай өткөндө, тоонун чөбү катып калганга байланыштуу үйүрдү айдап келип, айгырды кармап калдык да жылкыларды талаага коё бердик. Атам коңшу айылга минип барып келди. Болгону түш жарым убакыт өткөн. Анан айгырды алып барып үйүрүнө коё бергенге чейин чыдамы кетип, тыбырчылап дагы жиберди. Качан ноктону чечип алып коё берсек чуркап барып эле кула байталды жыттап калды. Байтал дагы алдынан тозуп чыкты, кудум күйөөсүн күткөн жаш келиндей болуп.
Анда бул көрүнүшкө анча деле маани берген эмес элек.

Дагы бир курдай атам чабдар айгырды карматып келип, улак тарттырган чоң тойго минип кетти.
Той үч күнгө созула турган чоң той эле. Арадан эки күн өткөндө айгыр байланып турганда чылбырын үзүп, ээр токуму менен качып кеткенин атам айтырып жибериптир. Аны укканда дароо үйүрүнө келгенин билип издеп келсек, айгыр менен кула бээ бирин-бири жыттап туруптур.Ээр токум ооп аласында жүрөт. Ошончо жерден бери издеп үйүрөнө мынча ашыгып келгенине эмне себеп болгонуна маани бербестен, биз айгырды кармап ээр токумду чечип алып, үйгө келдик да атама айттырдык “айгыр табылды, камсанаа болбоңуз” деп.

Атам коноктон келгенде, болгон окуяны айтсак атам “А, анда айгыр менен кула байтал бирин-бири арзып калышкан турбайбы. Эми экөөнү бири –биринен ажыратпашыбыз керек, мындай окуя кээде гана жылкылардын арасында кездеше турган нерсе” деп айтты.

Ошол күндөн баштап биз ал экөөнө байкоо салып карасак, атам айткан нерсени даана байкадык, чабдар айгыр менен кула бээ бирин арзышып калганы аныкка чыкты. Анткени экөө дайыма биринин жанынан бири карыш да жылбайт, оттосо да бирге оттойт, сууга түшкөндө дагы бирге туруп суу ичишет. Бул экөөнөн өткөн ынтымактуу эч ким жоктой сезилет десең. Андан дагы айгыр кула бээ келгени кишичил да болуп, алыстан көрүнгөн атчан кишилерге да кол сала баштады. Бул эми үйүрүн эле эмес, кула бээни кысканганы экенин кеч түшүндүк.

Айтайын дегеибиз, кула бээ келгенге чейин мындай адаты жок болучуу. “Чыныгы арзуу гана кысканычты жаратат” деп айтылат эмеспи.Ансыңары акыл-эси жок болсо дагы, жылкылар дагы бирин - бири арзып каларын биз ошондо гана билген элек. Айткандай мындай сезимге миңдин бири гана кабылат деп да айтылат экен. Ушул чынбы же калппы ким кандай ойдо?

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости