www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДПда жер сатып байыган Музаффар Исаков деген депутат бар эле. Анын мыйзамсыз жер сатып, оңбогондой акчага маарыганы боюнча кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында эл күткөндөй чечим чыккан жок. Улам артка жыла берген сот иши акыры адилеттиктен тайган чечим чыгарды.

Башкача айтканда, тоок урдагандар тогуз жылга соттолсо, гектарлаган үлүш жерлерди сатып, акчага маарып, ал каражат менен КСДПдан депутат болуп алган мурунку айыл өкмөткө жан тартып, анын кылган кылмышын эске албагандай чечим чыкты. Эгер президент чындап коррупция менен күрөшкө киришкен болсо, Музаффар Исаковдун ишин жеке көзөмөлүнө алып, үлүш жерди сатып байыган адамга мыйзамдуу чара көрүп, башка жер саткычтарга сабак боло тургандай кылып жазалап, жоопкерчиликке тартырышы керек.

Чынында Музаффар Исаковдун орду элдин арасында эмес, түрмөдө. Үч жыл шарттуу кесилип, беш жыл мамлекеттик кызматта иштебесин деген Сузак райондук сотунун чечимине макул эмеспиз. Сузак райондук сотунун чечими тезинен жокко чыгып, аны темир тор артына камай турган чечим чыкпаса, президенттин коррупцияга каршы күрөшкөнү, соттордун туура эмес чечим чыгарганы үчүн жоопко тартуу аракети шоона эшпей калат.

Тактап айтканда, Музаффар Исаковдун иши кайра каралып, тиешелүү жазасын алышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости