www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканова президент Сооронбай Жээнбеков басма сөз жыйынында кадрларга байланыштуу суроого дурус жооп бере албаганын билдирди:

- Кадрларды ким коюп жатканы, каяктан алып келип жатканы тууралуу берилген суроо мага жакты. Бирок мамлекет башчы ага кененирээк жооп берген жок. "Кадрларды тандоо системасын өзгөртүп, электрондук вариантка өтөбүз, адистигине карайбыз, башкалар аралаша албайт", деген жооп күткөм.

Мамлекет башчынын басма сөз жыйыны 19-декабрда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында уюштурулуп, ага жергиликтүү жана эл аралык медиадагы журналисттер чакырылды.

Жыйындын жүрүшүндө президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков мамлекеттик башкарууга, кадр тандоого кийлигишип атканы өңдүү суроо узатылып, мамлекет башчы ага "факт болсо, чара көрүлөт" деп жооп берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости