www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн өлкө башчы алгачкы жолу бардык калемгерлер менен бир жерде чогулуп, алардын суроолоруна жооп бергенге толук аракет кылды.

Негизинен суроолор саясий өңүттө берилип жатты. Президент чыдабай кетип үй-бүлөөсү, туугандары эмне иш менен алек болуп жаткандыгын да айтууга туура келди. Арасында чымчылаган, ойлондурган, мындан ары да изилдей турган суроолор да арбын. Аларды президент жазып алып жатты, кээсин ага кагаз жүзүндө берүүгө буйруду. Бул да болсо президент баардыгына ачык экендигинен кабар берет.

Баарына белгилүү болгондой, шайлоо учурунда Жээнбеков коррупция менен күрөшүүнү колго алам деген убадасын аткарып жаткандыгын да баса белгиледи. Кыргызстанда жазага тартылышы керек болгон коррупционерлердин тизмеси дагы узарат, -деди басма сөз жыйынында.

Журналисттер ага шайлоо маалында 35 адамдан турган коррупционерлердин тизмеси бар экендиги тууралуу сөзүн эске салышты.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg 

Последние новости