www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Биз жашап жаткан Конституция абдан алсыз, биздин жашоо реалдуулукка жооп бере албайт», - деди бүгүн, 6-майда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Нурлан Мотуев.
- Нурлан мырза, азыркы конституциянын кемчиликтери барбы?
- Албетте, кемчиликтери бар. Бул Конституциянын эң биринчи кемчилиги көп партиялуулук системаны жарым-жартылай калтырып койгондору. Ошонун айынан мурдагы эле 30 жылдык жеп-ичкичтер кайра депутат болуп келишти.
Экинчи кемчилиги ошол эле жеп-ичкичтер 10-20-50 миллион доллар жеп алып, кайра соттон 260 миң сом менен кутулуп кетишти. Конституция Баш мыйзам болгон соң, ырбыңдашпай эле «коррупционерлерге аёо» жок деп так, даана жазылуусу керек болчу.
Үчүнчү кемчилиги, өлүм жазасын киргизүү керек болчу. Мисалы, кичине балдарды, же өз кыздарын зордуктап, боозуткандарды, чоң коррупционерлерди аёосуз эле атуу керек деген берене болгондо, алар өлүмдөн коркуп, андай жаман иштерге барышмак эмес.
Тагыраагы, азыркы биз жашап жаткан Конституция абдан алсыз. Биздин жашоо реалдуулукка жооп бере албайт. Бул Конституция менен өнүкпөйбүз.
Булак: NazarNews.kg