www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 30-июлда “NewTV” жана “Нур ТВ” телеканалдарында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин туулган күнүнө карата аны жактаган куттуктоо тасмалары көрсөтүлгөн. Ошол боюнча бүгүн, 31-июлда УКМК аларга эскертүү берди.

Ал боюнча “NewTV” телеканалынын директору Нурлан Шакиев мындай деп түшүндүрдү: “Тасманын ичинде эч кандай саясат жок. Болгону ал Бакиевдин балалык чагы, окуучулук күндөрү, классташтары менен болгон мамилеси тууралуу тасма. Аны Бакиевдин классташтары даярдап берген. Ар кандай тагдырлар болот да, биз аларды көрүүчүлөргө тартуулоо үчүн укугубуз чектелүү эмес. Бул жерде биз кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгын коргойлу, коомго бүлүк салалы деген оюбуз болгон эмес. Биздин телеканал эч кимди колдобойт.

Буга чейин да, бул тасманы көрсөтөрдө да Бакиевдер менен эч кандай байланышыбыз болгон эмес. Бизди буга чейин Икрам Илмияновго, Асылбек Жээнбековго, Раим Матраимовго жабышыштырды. Эми Бакиевдерге жабыштырып жатышат. Эртең Атамбаевге жабыштырса таң калбайым”, – дейт Шакиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости