www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 18-декабрында Нью-Дели шаарында Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Элчилиги тарабынан дипломатиялык кабыл алуу уюштурулду.

Иш-чарага Индия Республикасында аккредитацияланган Африка мамлекеттеринин, КМШ өлкөлөрүнүн жана Латын Америкасынын дипломатиялык миссияларынын башчылары жана өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Элчиси Аскар Бешимов сөзү менен кайрылды. Өз сөзүндө ал Кыргыз Республикасынын БУУнун Уставынын максаттарына жана принциптерине берилгендигин, ошондой эле туруктуу өнүгүү, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо, превентивдүү дипломатияны илгерилетүү маселелериндеги активдүү позициясын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө дипломатиялык корпустун Дуайени, Эритрея Мамлекетинин Элчиси Алем Тешайе Вольдемариам, ошондой эле Азербайжан Республикасынын Элчиси Эльчин Нариман оглу Гусейнов кыскача сөз сүйлөп, Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында өз ара аракеттенүүнү жана көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Кабыл алуунун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктарына, ошондой эле БУУнун алкагындагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарына, анын ичинде тынчтык жана өнүгүү, климаттык күн тартиби жана туруктуу өнүгүү маселелерине арналган презентациялык материалдар жана видеороликтер көрсөтүлдү.

Иш-чара конструктивдүү жана достук маанайда өтүп, Кыргыз Республикасынын дүйнөнүн ар кыл аймактарындагы өнөктөштөрү менен диалогду чыңдоого жана кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

Последние новости