www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өгөй энесин мыкаачылык менен өлтүргөн 51 жаштагы киши 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу маалымат Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.
Бул кылмыш Ош облусунда катталган, анда айыпталуучу өгөй энесинин үйүнө мас болуп келип, ал жактан бир келин жана энеси болуп үчөө арак ичишкен. Соңунда, мейман болуп келген эркек өгөй энесине бир нече жолу бычак менен сайып жиберген. Кемпир окуя болгон жерде эле көз жумган.
Териштирүү маалында соттолуучу каргаша кандайча болуп кеткенин билбей калгандыгын айткан.
Сот бул адамды күнөөлүү деп таап, аны 15 жылга эркинен ажыратты. Соттолгон адамдын 4 баласы эми башка адамдардын тарбиясында болмокчу, себеби, ал буга чейин балдарынын апасы менен ажырашып кеткен экен.
Булак: NazarNews.kg