www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш уюмдун уставынын 99-беренесин колдонуу менен Газа тилкесиндеги ок атышууну гуманитардык максатта токтотууга чакырып, Коопсуздук кеңешине кайрылды. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, бул берене ага Коопсуздук кеңешине дүйнөдөгү тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч келтирген маселени алып чыгууга жол берет. Гуттериш кызматка келген 2017-жылдан бери биринчи жолу бул укугунан колдонду.

"Кыска убакыт ичинде болгон Газа тилкесиндеги жана Израилдеги жоготуулардын масштабын эске алуу менен, Баш катчы бүгүн уюмдун уставынын 99-беренесине таянып, Коопсуздук кеңешинин төрагасына кат жолдоду", - деди БУУнун баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик.

Израилдин БУУдагы элчиси Гуттериштин бул кадамын айыптады. Ал арада Бириккен Араб Эмираттары Кеңешке Гуттериштин кайрылуусу камтылган ок атышууну токтотуу боюнча резолюцияны сунуштады. Маалыматка караганда, ал документти бир катар Араб мамлекеттери колдоду. Дипломаттардын билдирүүсүнө ылайык, резолюция бүгүн 8-декабрдагы жыйында добушка коюлат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости