www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөр алтын кенинде кырсыктан улам дайынсыз изделип жаткан эки кызматкерди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов   билдирди.

- Алар жоголду деген болжолдуу жерлерге жетүү кыйын болуп жатат. Анткени көчүп түшкөн жер катмарынын көлөмү аябай чоң. Ошого карабастан 33 миң куб жер көчкү алып чыгарылды. Кечке чейин дагы 500 кубга жакын жер көчкүсүн алып чыгабыз деген ойдобуз, - деди ал.

Бул окуя 1-декабрь таңга маал катталган. Анда Лысый өрөөнүндө көчкү көчүп, бир нече автоунааны басып калган. Кумтөрдөгү көчкү жумушчулар иштеп жаткан учурда болгон. Жумушчулардын ичинен экөө тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков жана бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушев дайынсыз болууда.

Расмий маалыматтардын билдирүүсүндө Кумтөр алтын кенинде миңге жакын адам иштейт. Алардын ичинен  2678 кызматкер тоо-кен ишканасы менен түз келишим түзүп иштесе, 1092 адам ортомчу ишканалар аркылуу жумушка орношкон. “Кутөрдө” иштегендердин баары вахталык тартип менен 10-15 күндүк нөөмөттө иштешет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости