www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2007-жылдан баштап бир округдан бир мандат алгандан партиялык системага өткөнбүз:

  1. Игорь Чудинов, “Ак Жол”;
  2. Данияр Үсөнов,  “Ак Жол”;
  3. Алмазбек Атамбаев, КСДП;
  4. Өмүрбек Бабанов, “Республика”;
  5. Жантөрө Сатыбалдиев, “Өнүккөн Кыргызстан”;
  6. Жоомарт Оторбаев, “Ата-Мекен”;
  7. Темир Сариев, “Ак Шумкар”;
  8. Сооронбай Жээнбеков, КСДП;
  9. Сапар Исаков, КСДП;
  10. Мухаммедкалый Абылгазиев?

Эми ар бир өкмөт башчысына бирден токтоло кетели:

Игорь Чудинов

Игорь Чудинов 2007-жылдагы алтынчы премьер. 2007-жылдын январында премьер-министр Феликс Кулов отставкага кетет. Ордуна премьер-министр болуп Азимбек Исабеков келет. Апрелде оппозицияда жүргөн Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп келип, сегиз айдан соң октябрда унду кымбаттатып, иштей албай койгон соң премьер-министрликтен кетет. Премьер-министрликке Акылбек Жапаровго Жарлык даярдала баштайт. Арийне, Атамбаевдин берген маалыматынан улам Акылбек Жапаров кызматка жете элек жатып “муунуп” жок болот. Андан соң премьер-министрликтин милдетин аткаруучу болуп Искендербек Айдаралиев дайындалат.  Жылдын аягында премьер-министр болуп Игорь Чудинов келет. “Ак Жол” элдик партиясы 2007-жылдын октябрында кабыл алынган Конституциянын негизинде түзүлгөн. Ошол эле жылдын декабрында парламентке шайлоо болуп, 90 депутаттын мандаты төмөнкүдөй бөлүнгөн:

  1.  “Ак  Жолго” - 71 мандат;
  2. КСДПга - 11 мандат;
  3. Кыргызстан коммунисттерине - 8 мандат.

“Ак Жол” партиясы парламентке өкмөт башына Чудиновду алып келген.

Данияр Үсөнов

2009-жылы 23-июлда мөөнөтсүз президенттик шайлоо болот. Талапкерлер: Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев, Жеңишбек Назаралиев, Токтайым Үмөталиева, Нурлан Мотуев жана башкалар. Так шайлоо болуп жаткан убакта буга чейин элди бөлүп чуулдатып келаткан Алмазбек Атамбаев президенттикке койгон талапкерлигин алып салат. Буга ачууланган Болот Шер сыяктуу БЭКтин мүчөлөрү жоолук алып келип, ушуну салып ал деп берген дешет.

Президент болуп Курманбек Бакиев экинчи мөөнөткө шайланып, ал өкмөт башына Үсөновду алып келет. Үсөнов  коммуналдык тейлөө менен электрге бааны кымбаттатып жиберип, элдин кыжырына тийип алган.

Алмазбек Атамбаев

2010-жылы 7-апрелде Убактылуу Өкмөт бийликке келет, анын башында Роза Отунбаева турган. Убактылуу Өкмөттү башка мамлекеттер тааныбай коёт, 2010-жылдын июлунда жаңы Конституция кабыл алынып, 2010-жылы октябрда парламенттик шайлоо өтөт. КСДП, “Ата-Мекен”, “Республика” партиялары бир коалиция түзүп, Атамбаевдин өкмөтүн ЖКга алып чыгат. Бирок парламенттен өтпөй калат. Экинчи ирет Атамбаевдин КСДПсы  “Ата-Журт” менен биригип, “Республика” үчөө коалиция түзүшөт. Жогорку Кеңештин төрагасы болуп Акматбек Келдибеков шайланат, Атамбаев өкмөт башына келет. Көп өтпөй Ташиев, Текебаевдер Атамбаевди өкмөт башынан алып түшөрдө, ал Акматбек Келдибековго чөгөлөп барып, бул кызматта калат.

Өмүрбек Бабанов

2011-жылдын октябрында президенттик шайлоо өтөт. Президенттик шайлоого Гиннестин китебине жазыла тургандай токсонго чукул адам катышууну каалайт, бирок иргелип отуруп Алмазбек Атамбаев, Камчыбек Ташиев, Адахам Мадумаров сыяктуу саналуу адамдар келет. Атамбаев түштүктө “Республика” партиясынын мүчөлөрү Бакыт Төрөбаев менен Алтынбек Сулаймановдорго таянып, Ташиев менен Мадумаровду  “сындырып” президент болот. Эң алгач өзүн премьер-министр кезинде сактап калган Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековду жок кылат. Ал эми Өмүрбек Бабановду премьер-министр кылат.

Жантөрө Сатыбалдиев

Бабанов адам кылып чоңойткон “Республика” фракциясынын лидери Канат Исаев Текебаевдер менен биригип, мародёрчулукка каршы күрөшүп жаткан Бабановдун мойнуна аргымакты илет да өкмөт башынан айдашат. Ордуна Жантөрө Сатыбалдиев  келет.

Жоомарт Оторбаев

Жоомарт Оторбаевди Өмүрбек Текебаев өкмөт башына алып келет. Ошондуктан бул “эки кожоюндун кулу” катары, күндүз Атамбаевдин, түнкүсүн Текебаевдин иштерин бүтүрүп жүрдү.

Темир Сариев

Өкмөт башчысы Темир Сариев эң олуттуу чырдын негизинен унаа, жол министри Аргынбек Малабаев менен бирге кызматынан кеткен. Булар кытайлыктар менен жең ичинен сүйлөшүп, кыргыздын мыкты фирмаларына бут тосушуп Кытайдын эч нерсеси жок, бирок параны жакшы берген фирмасын “Балыкчы - Корумду” жолуна тендерден өткөзүп жиберишкен.

Сооронбай Жээнбеков

Өкмөт башчысына 2017-жылдагы президенттик шайлоодо талапкерлигин койду. Анын башкы атаандаштары катары Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Адахан Мадумаров, Улукбек Кочкоровдор сыяктуулар чыгышкан. Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишкен.

Сапар Исаков

Акыркы учурдагы эң кыска убакыт өкмөт башында болду. Ал буга чейинки иштеринде “Таза коомду” уюштурган, элге таза дегени менен чындыгы “Кир коомбу”, эми аны сот далилдейт.

Мухаммедкалый Абылгазиев

Кайсы партияда экенин ким билет?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости