www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абылгазиевдин өкмөтү элден жакшы сөз укканга жараган жок. Келген күндөн баштап кашаңдыгын көрсөтүп, ишти жөндөй албай, коомчулуктун ишеничинен эбак тайган. Азыр бул өкмөткө ишеним арткандар дээрлик калган жок. Абылгазиевдин ишенген адамдары анын сөзүн угуп да койбостон, өз билгендерин кылып жаткандай сезилет.
Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштү ураан кылып көтөрүп жатканы менен кээ бир чиновниктер өздөрү дагы деле коррупциянын сазынан чыга элек. Президенттин ураанын уруп ойнобогондой. Жээнбековдун идеясын кош колдоп колдоого алгандын ордуна, коррупционерлер менен табакташ болгонго аракетти катуу көрүп жатат. Буга бир эле мисал, Бишкек ТЭЦке жыл сайын казактардан сатылып алчу көмүргө байланыштуу тендер.
Буга чейин бул тендерди азыр бир топ кылмыш иш менен айыпталып камалган Алмазбек Атамбаевдин канатында калкаланган Болот Абировдун “Рассвет компани” деген жоопкерчилиги чектелген коому эч кимге берчү эмес. Ал казактардын “Шабыркуль” көмүр кенинен биздин ТЭЦке техникалык көрсөтмөсү туура келбеген көмүрдү алып келчү. Быйыл бул компания тендерге катышкан жок. Себеби, Болот Абиров кылмыш иши козголгондон кийин өлкөдөн качып кеткен.
Алмазбек Атамбаевге дагы коюлуп жаткан айыптардын бири Бишкек ТЭЦке алынган көмүр коррупциясы болууда. Бул ишти азыр Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.
Быйыл тендерге казактардын ТОО “КонтактУглеПром” деген компаниясы катышып, ал дагы Болот Абиров ташып келген “Шабыркуль” көмүр кенинин көмүрүн алып келмей болууда. Тендер өтпөй жатып эле Өкмөттөгү кээ бир адамдар тендердик комиссияга “КонтактУглеПром” компаниясын жеңүүчү кыласыңар” деп буйрукту катуу бергени айтылып жатат. “КонтактУглеПром” компаниясынын артында Алмазбек Атамбаев менен Болот Абиров турат деп шек саноого Өкмөт мүчөлөрүнүн аракетинен билсе болот.
Вице-премьерлердин бири “Рассвет” компаниясын чакыргыла. Болот Абиров табылбаса, баласын мага чакыргыла (Болот Абировдун баласы Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров), мен өзүм сүйлөшмөкчүмүн” деп бакылдаганы, көмүр коррупциясын калкалагандар Өкмөттө олтурганынан кабар берет да.
Болот Абиров же баласы менен сүйлөшүүнү көздөгөн вице-премьер Болот Абиров менен Алмазбек Атамбаевге ушул иш боюнча айып тагылып жатканын билбейби? Же Жээнбековдун саясатын колдобой, Атамбаев башында турган коррупционерлерди колдоп, өз чөнтөгүн кампайтып алайын деп атабы? Атамбаев, Абиров ташыган көмүрдү алып келебиз деп тендерге катышып жаткан “КонтактУглеПром” компаниясын эмитен эле тендердин жеңүүчүсү кылабыз деп атышса, алардын артындагы колдоочусу деп айтылып жаткан Абировго эмне үчүн коррупция боюнча иш козголду? Ал эмне үчүн өлкөдөн качып кетти? Абировдун ордуна “КонтактУглеПром” компаниясын жеңүүчү кылууга ашыгып жаткан адамдарды олтургузуш керек. Сүйлөшмөкчү болгон адам Абиров кармалып келгенде ошол жакта сүйлөшө берет эле. Элди эмес, өзүнүн кызыл кекиртегин ойлогон чиновниктер президенттин саясатын тебелеп, өзүн элге жек көрсөтүүдө негизги ролду ойноодо. Президент ушундай адамдардан батыраак тазаланышы керек.
Булак: "NazarNews.kg"