www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
5-июнда кыргызстандык белгилүү илимпоз, маалымат технологиясы боюнча адис, физика-математика илимдеринин доктору, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер Арапбай Марипов 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары маалымдашты.
Белгилей кетсек, маркум Марипов Нью-Йорк илимдер академиясынын академиги, Эл аралык оптика коомунун мүчөсү болгон.
Ал изилденген объекттин сүрөтүн башка өңүттөн өлчөө аркылуу бул нерсени таануунун жаңы ыкмаларын илимге киргизген.
Эске сала кетсек, Арапбай Марипов 1939-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айлында туулган. 1964-жылы Москва мамлекеттик университетин аяктаган. 1994-жылы "Күн желеси голографиясынын жаңы өңүттөрү" (“Новые аспекты радужной голографии”) темасында докторлук диссертациясын жактаган. Анын жетимиштен ашык илимий макалаларды жарыялаган, анын ичинен бир монографиясы бар.
Арапбай Мариповдун сөөгү 7-июнунда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилмекчи.
Булак: NazarNews.kg